super.kg logo

Жумгал районунда шектүү 47 жаштагы аялды жана анын 4 жаштагы небересин зордуктап, өрттөп кетти

 

Жумгал районунда 29 жаштагы шектүү адам 47 жаштагы аялды жана анын 4 жашар небересин зордуктап, өрттөп кетти. Бул тууралуу SUPER.KG'ге ИИМдин басма сөз катчысы Бакыт Сеитов кабарлады.

Маалым болгондой, окуя 21-декабрга караган түнү Жумгал районундагы Көк-Ой айылында болгон.

"Райондук ички иштер бөлүмүнө "үйлөрдүн биринен өрт чыгып, бир үй-бүлө каза болду" деген маалымат түшкөн. Аталган билдирүү боюнча окуя болгон жерге Жумгал райондук ички иштер бөлүмүнүн ыкчам тергөө тобу жөнөгөн. Иликтөө иштерин жүргүзүү учурунда 47 жаштагы А.Э аттуу аялдын жансыз денеси өрт чыккан бөлмөдө табылган. Ошол эле үйдүн башка бөлмөсүндө каза болгон аялдын неберелери 4 жаштагы И.А. аттуу кыздын жана 7 жаштагы И.А. аттуу баланын жансыз денелери табылган.

47 жаштагы аялдын жана төрт жаштагы И.А. аттуу кыздын зордукталганы аныкталып, 7 жаштагы бала муунтулуп өлтүрүлгөнү белгилүү болгон. Учурда аталган факт боюнча толук кандуу текшерүү жана ыкчам-иликтөө иштери уюштурулуп, экспертиза дайындалды", - деп айтты басма сөз катчы.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси (адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголуп, шектүү катары ошол эле айылдын 29 жаштагы Ш.К. аттуу тургуну кармалган. Учурда аталган оор кылмыш боюнча тергөө иштери улантылууда.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(2)
22.12.2018. 12:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
Ушуга окшогондорду тарбиялаган ата энесине наалат!!!
22.12.2018. 13:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Ali-han,кимдин эле ата энеси жаман бол деп тарбиялайт
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: