Женнифер Лопес 10 жаштагы кызы менен клипке тартылды
Клиптеги кадрлардан


Клиптеги кадрлардан










49 жаштагы белгилүү Голливуд жылдызы Женнифер Лопес "Limitless" аттуу ырына 10 жаштагы кызы менен клип тартып, күйөрмандарын кубандырды. Аталган ыр Лопес башкы ролду аткарган "Башынан башта" аттуу тасмага саундтрек катары тартылган.
Женнифер Лопес клипке 10 жаштагы Эмма аттуу кызы менен чогуу тартылган. Анда кызы менен апасы окшош кийимдерди кийип, бирдей кыймылдарды жасашат. Клипте Лопес менен Эмма ар кандай табигый кубулуштар менен күрөшүп, кыйынчылыктарга карабастан алга умтулууну токтотушпайт.
Лопестин жакында берген маектеринин биринде мындай деп айтканы бар: "Клиптин негизги идеясы табият кубулуштарын гана жеңе билбестен, жан дүйнөбүздү тынчтандыра билүү да керек".
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-07-04

19:23
2025-07-02
17:23
2025-07-02
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.