super.kg logo

Жумгалда аялды жана анын эки небересин өлтүргөнгө шектүү милицияга окуянын чоо-жайын айтып берди

 

Жумгал районунун Көк-Ой айылында 47 жаштагы аялды, анын 4 жана 7 жаштагы небересин өлтүрүп, өрттөгөнгө шектүү катары кармалган 29 жаштагы Ш.К. аттуу жаран күнөөсүн толугу менен моюнуна алды. Бул тууралуу SUPER.KG'ге ИИМдин басма сөз катчысы Бакыт Сеитов кабарлады.

Анын айтымында, 21-декабрга караган түнү шектүү каза болгон аял менен спирт ичимдигин ичкен.

"Кылмышка шектүүнүн айтымында, ал 20-декабрь күнү 47 жаштагы А.Э. аттуу аял менен анын үйүндө саат 23:00 чамаларына чейин спирт ичимдигин ичкен. Аял мас болуп уктап калганда ал башка бөлмөдө уйкудан ойгонуп кеткен 4 жаштагы кызды күч колдонуп зордуктаган. Ошол учурда жанында уктап жаткан 7 жаштагы И.А. аттуу бала ойгонуп кетип, шектүү баланы муунтуп өлтүрүп, андан соң кызды да тумчуктуруп өлтүргөн. Андан кийин шектүү мас абалында уктап жаткан 47 жаштагы аялды да муунтуп өлтүргөн. Жасаган кылмышын жашыруу максатында бөлмөдөгү мештин ичинен оттун чокторун алып, бөлмөнүн ар кай бурчтарына коюп, анан качып кеткен", - деди Сеитов.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси (адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголуп, шектүү убактылуу кармоочу жайга камакка алынды. Учурда аталган оор кылмыш боюнча тергөө иштери улантылууда.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(6)
22.12.2018. 12:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+29
Ошолордун арбагы сени жон койбойт
22.12.2018. 12:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-15
Ушундай адамдарды, ата энеси тарбия береалбаган адамдарго
22.12.2018. 13:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+37
senchi,ооз коптуруп эле суйлой бербегилечи ата энесинде не куноо озунун мээси жок да. Арак нени гана кылбайт эми омур бою окунуп журуп отот да. Негизи бизге олум жазасы керек да
22.12.2018. 13:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+41
Тобо чачын тик тура турган окуя экен.Тооба,тарткыла колунарды наристе кыздардан!!!Олум жазасын киргизуу керек педофилдерге!!!
23.12.2018. 00:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+17
Супер инфо сураныч ушундай кичине кыздар балдарды зордуктоо фактыларын жазбай эле койгулачы жүрөктү оорутуп, муну окуган чиновниктер дегеле педофилдерге каршы Закон чыгарса эмгиче чыгарышмак канча окуя болду буга чейин, илгеркидей эле таш бараңга алыш керек буга окшогон зөөкүрлөрдү
24.12.2018. 16:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Педофилдерди элдик сотко койуп бериш керек...Такыр эле бычып салмак.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: