Ырчы Добр алгачкы ирет өкүл балалуу болду
Ырчы мырза өкүл баласы менен


Ырчы мырза өкүл баласы менен

Рэпер үй-бүлөсү менен


Чыгармачылыкта жүргөн айрым инсандардын 15-20 өкүл балдары болсо, рэп ырчысы Добрдун моюнуна буга чейин мындай милдет жүктөлө элек болчу. Ал эми кечээ, 21-декабрда Добр алгачкы ирет өкүл бала, өкүл кыздуу болду.
Бул боюнча рэперге байланышканыбызда төмөндөгүлөрдү айтты:
"21-декабрда алгачкы ирет өкүл бала, өкүл кыздуу болдум. Буга чейин өкүл ата болуп бериңиз дегендер деле бар болгон. Бирок мен өкүл ата болууга өтө олуттуу мамиле кылам, анын үстүнө даяр эмес болчумун. Мен "Урпак" деген биримдик ачкан элем, ушул биримдиктин алгачкы өкүлдөрүнүн бири өкүл ата кылып дайындады. Тилекке каршы, балам ооруп калып, жубайым Жибек бул жакшылыкка бара албай калды. Өзүм барып, жаштарга нике шакегин тапшырдым", - деп айтты Добр.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-07-04

19:23
2025-07-02
17:23
2025-07-02
Рейтинг:
1

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.