super.kg logo

ИИМ: "Эки небереси менен кошо киши колдуу болгон 47 жаштагы аялдын күйөөсү 1 жыл мурун каза болуп калган"

 

"Жумгал районунда эки небереси менен кошо киши колдуу болгон 47 жаштагы аялдын күйөөсү бир жыл мурун каза болуп калган. Бул тууралуу SUPER.KG'ге ИИМдин басма сөз катчысы Бакыт Сеитов шектүүнүн берген көрсөтмөсүнө таянып билдирди.

Бакыт Сеитов каза болгон балдардын апасы жолдошу менен ажырашып кетип, Бишкекте иштеп жүргөнүн айтты.

"Биздеги маалыматтарга караганда, каза болуп калган 4 жаштагы кыз менен 7 жаштагы баланын ата-энеси ажырашып, таенесинин колунда багылган. Апасы Бишкекте экен. Ал эми 47 жаштагы аялдын жолдошу бир жыл мурун каза болуп, ал шектүү катары кармалган 29 жаштагы тургун менен жакын мамиледе болуп жүргөн. Кылмыш катталган күнү да алар бирге спирт ичимдигин ичип отуруп, аял мас болуп калганда неберелери менен уктап калган. Шектүү ошол учурда алгач 4 жаштагы кызды зордуктап, аны 7 жаштагы бала байкап калган. Шектүү эки баланы өлтүрүп, андан кийин аялды зордуктап, өлтүрүп үйдү өрттөп кетип калыптыр. Кылмышка шектүү үйүндө мас абалында жаткан жеринен кармалган", - деди Сеитов.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси (адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголуп, шектүү убактылуу кармоочу жайга камакка алынды. Учурда аталган оор кылмыш боюнча тергөө иштери улантылууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: