Бейонсе эгиз балдары менен түшкөн сүрөтүн жарыялады
Бейонсе эгиз балдары менен


Бейонсе эгиз балдары менен


Ырчы айымдын улуу кызы Блу Айви




Америкалык белгилүү ырчы Бейонсе балдарынын, айрыкча 1 жарым жаштагы эгиз балдары Руми жана Сэранын сүрөттөрүн элге көрсөтө бербейт. Бирок ырчы айым өзүнүн сайтына кичинекейлери менен түшкөн сүрөттөрүн жарыялады.
Маалым болгондой, жогорудагы сүрөттөр Бейонсе Индиядагы эң бай адамдын тоюна ырдоо үчүн барганда тартылган. Жумушту эс алуу менен айкалыштырган ырчы ал жакка эгиз балдарын ала барган. Сүрөттөрдө алар жакшы маанайда эс алып жатышканын байкоого болот.
Буга чейин Бейонсе менен Жей Зинин күйөрмандары Руми менен Сэраны август айында жарыяланган "Vogue" журналынын видеоролигинен көрүшкөн. Руми жана Сэра менен бирге кадрларда атактуу жылдыздардын улуу кызы Блу Айви дагы бар. Айви январда 7 жашка чыгат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-07-04

19:23
2025-07-02
17:23
2025-07-02
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.