super.kg logo

Тайгада атасы менен аңчылыкка барган 3 жашар бала атасынын өлүмүнөн кийин үйүнө жол таап келген

 

Орусиянын Хабаровск крайында атасы менен кошо аңчылыкка барган 3 жаштагы бала атасынын өлүмүнөн кийин артка жол таап, аман кайткан. Мындай маалыматты ТАСС басылмасы Кенай айылынын башчылыгына таянып жазды.

Маалыматта белгилүү болгондой, 3 жашар бала атасы кырсыктап каза болгондон кийин кыштын суугунда түн ичинде калк жашаган аймактан алыс, токойдо жалгыз калып калган.

"Жергиликтүү тургун 3 жашар баласын кечинде бала бакчадан алып, андан ары балык уулай турган жерге жол издеп жөнөгөн. Себеби эртеси күнү ал аңчылыкка чыкмак экен. Калк жайгашкан аймактан 3 чакырымдай алыстап кеткенден кийин баласын жол жээгине түшүрүп коюп, карда жүрүүчү унаасы (снегоход) менен дарыянын үстүндөгү музду текшергени барган. Ошол маалда муз жарылып кетип, атасы сууга түшүп кеткен", - деп билдирген айыл башчы.

Кичинекей баланын түшүндүрүп бергенине караганда, атасы суудан "айылга кайт" деп айтканга жетишип калган. Бала карда жүрүүчү унаанын жолу менен артка кайткан. Бирок айыл тарапка эмес, башка жолго түшүп алып, такыр эле киши барбаган жакка адашып кеткен. Ошол түнү Тайгада абанын температурасы -30... -35 градуска чейин төмөндөгөн.

Түн ичинде жалгыз жүргөн баланы, бактыга жараша, токойчу көрүп калып, айылга алып келген. Учурда баланын абалы жакшы, ал дене табы көтөрүлүп, үйүндө дарыланып жатканын жазат басылма. Ал эми муз жарылып сууга түшүп кеткен баланын атасын куткаруучулар издеп жатышат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(10)
25.12.2018. 10:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
Жакшы наристе аман калыптыр
25.12.2018. 10:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Кудай күнөөсүз наристени сактаптыр. Наристе али периште бойдон эле да.
isarti түзөттү 2018-12-25 10:54:34
25.12.2018. 11:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Эх атасына бооруп оруп жатат кудай ырайым кылсын. Ыйлагым келди окуп алып
25.12.2018. 11:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Акыркы жолу коруптурда атасын
25.12.2018. 12:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Ыйладым окуп алып,өтө өкүнүчтүү,3 жашар наристе суукта аман калганына сүйүнөм,атасы байкуш жаны чыгып жатып да баласын ойлоп оо дүйнө узап кетти да аттиң.Биз жүргөн жерде-44°суук азыр.Наристенин өмүрү узун болсун эми
25.12.2018. 15:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ыйлай турган окуя болуптур(((Эхх!Жашоодо ар турдуу нерселерди коросун.
25.12.2018. 18:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
-30да суукка чыдап келгенин (((( Мен эле -12 болсо чыдайбай кетип жатамго.
25.12.2018. 19:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Pandora,Кыргызстандын -12 градусу РФ -30 на барабар
25.12.2018. 22:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Байкуш бала, жана балам деп жан тарткан байкуш ата.
28.12.2018. 10:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айылга Кайт деп байкуш ата олуп баратсада баласына жетишип калыптырда айтып акыркы созун , эх арман дуйнода арман, наристенин аман калганына мин мертебе шугур
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: