СУПЕР ТАНДОО-2018: Ишен Назаров, Асылхан Толепов, Сайкал Садыбакасова... "Жылдын супери" наамын дагы кимдер жеңип алды?































Урматтуу окурман, мына ошентип сиздин добушуңуздун эсеби чыгарылып, SUPER.KG порталында жүргүзүлгөн добуш берүүнүн жыйынтыгы менен жылдын суперлери аныкталды.
Маданият, шоу-бизнесте жыл бою талыкпай эмгектенип, тер төгүп иштегендер күйөрмандарынын добушуна коюлуп, арасынан эң көп колдоого арзыганы жеңишке ээ болду. Добуш берүү 30-ноябрдан 22-декабрга чейин улантылды. Аземге маданият, шоу-бизнестин бир катар белгилүү өкүлдөрү катышып, салтанаттуу ыр-бийлер менен коштолот.
16:45. Бишкек шаарындагы "Бишкек Парк" соода борборунда жылдын суперлерин тандоо аземи башталуу алдында турат. Учурда "Супер тандоонун" жыл мыктылары жана аларга номинация тапшыра турган өкүлдөр соода борборуна келип жатышат.
16:50. Аземди көрүү үчүн келген Жибек Эрматова аттуу колдонуучу бүгүнкү салтанат тууралуу өз оюн билдирди: "Мен ар дайым SUPER.KG порталынан жаңылыктарды окуп турам. Жылдын мыктыларын тандоо үчүн добуш берүүгө катышкам. Бүгүн мен күйөрмандык кылган маданият өкүлдөрүн колдоо жана кызыктуу салтанатты көрүү үчүн келдим".
17:10. "Бишкек Парк" соода түйүнүндө жылдын мыктыларына сыйлык тапшыруу аземи башталды. Салтанат "Deka dance" бий тобунун бийи менен башталды. Андан кийин сахнага алып баруучулар чыгышты. Бул кечеде мындай милдет Чолпон Талипбекке, Санжар Мыкыевге жана Мыкыга жүктөлгөн.
17:22. "Жылдын супер дебюту" - "Апакем" ырынын аткаруучусу Ишен Назаровго буюрганы белгилүү болду. Эң көп добушка ээ болгон жеңүүчүгө ырчы Каныкей диплом жана статуэтка тапшырды.
17:26. "Супер-Инфо" гезити менен SUPER.KG порталына ыраазычылык билдиргенден кийин Ишен Назаров Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Алина Жетигенова менен дуэт аткарууда.
17:30. "Кыргыз тилиндеги супер вайнер" номинациясынын жеңүүчүсүнө сыйлыкты Тынар Курбаналиев тапшырды. Аталган номинацияга талапкерлердин арасынан Эмил Токтошев эң көп добушка ээ болгондугу белгилүү болду.
17:39. Сахнага кайрадан Ишен Назаров чакырылды. Бул ирет ага "Жылдын супер ыры" номинациясы ыйгарылды.
17:45. Алып баруучулар аземдин көрүүчүлөрүн сахнага чакырып, кызыктуу оюндарды ойнотууда. Активдүү катышуучуларга атайын белектер тапшырылат.
17:50. Ишен Назаров "Жылдын супер ыры-2018" наамын жеңген "Апакем" аттуу ырын аткарды.
17:58. Сахнага Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Асел Турдалиева чыгып, "Жылдын супер дуэти" наамынын жеңүүчүлөрүнө сыйлык тапшырды. Колдонуучулардын эң көп добушуна Алтынай Нарбаева менен Мирбек Атабековдун "Өмүр" чыгармасы ээ болгон. Сыйлыкка ээ болгон ырчылар көрүүчүлөргө аталган ырды аткарууда.
18:08. Бакыт Осмонканов режиссёрлук кылган "Ата" тасмасы "Жылдын супер тасмасы" деп табылганын Садык Шер-Нияз жарыялап, сыйлыкты тапшырды.
18:12. Сахнага режиссёр Актан Арым Кубат чыгып, "Жылдын супер актрисасы" ким болгонун жарыялады. Мындай жеңиш күйөрмандарынын добушунун негизинде актриса айым Альбина Имашовага буюрган. Жеңишине кубанганын жашырбаган актриса да редакцияга ыраазычылык билдирди.
18:20. Казак актёру Асылкан Толепов "Жылдын супер актёру" наамына ээ болгонун сахнада Кыргыз Эл артисти Жамал Сейдакматова жарыялады. Казакстандан чакырылган актёр Сейдакматованын чыгармачылыгына суктанарын айтып, ден соолук тиледи. Андан соң актёр бул анын гана эмес, тасманын жалпы жаратуучуларынын жеңиши экенин белгиледи.
18:30. "Жылдын супер ремейки". Мындай наам бул жылы ырчы Сайкал Садыбакасова аткарган "Жакшы сөз айтчы мага" чыгармасына буюрган. Сахнага чыккан ырчы айымды жеңиши менен ырчы Бактыяр Токторов куттуктап, сыйлык тапшырды. Андан соң Садыбакасова аталган чыгарманы келген конокторго аткарып берди.
18:37. Бул жылда жарык көргөн клиптердин супери Мирбек Атабековдун "Мурас" ырына тартылган клиби татыктуу болгону жарыяланды. Ырчы мырза бул чыгарма тууралуу кыскача маалымат берип, күйөрмандары үчүн "Мурас" ырын мыкты бийдин коштоосунда аткарды.
18:43. "Жылдын супер ырчы айымы" - Сайкал Садыбакасова. Күйөрмандарынын колдоосунун артында эң көп добуш топтогон Садыбакасова аталган наамга ээ болуп, кубанычын жашырган жок. Аны бул жеңиши менен SUPER.KG порталынын директору Бактыгүл Сокушова куттуктап, сыйлыктарын тапшырды. Ырчы айым аны колдогон күйөрмандарына ыраазычылыгын билдирди.
18:48. Сахнада Нурлан Насип. Ал 4-ирет "Жылдын супер ырчы мырзасы" наамын жеңип алды. Сахнага чыккандан тартып ийгиликтердин коштоосунда жүргөн ырчы мырзага "Супер-Инфо" гезитинин директору Шайиста Шатманова сыйлык тапшырып, ал буга чейин да бир нече жолу колдонуучулардын тандоосуна арзып келгенин белгиледи. Күйөрмандарынын кызуу колдоосунда Нурлан Насип ыр аткарып, келген конокторго шаңдуу маанай тартуулады.
19:00. "Супер-Инфо" гезитинин жана SUPER.KG порталынын окурмандарынын добушунун негизинде тандалган маданият жана шоу-бизнестеги суперлерин сыйлоо аземи жыйынтыкталды.
кошулду
"Супер тандоо-2018": Алматыдан, Оштон келген жеңүүчүлөр. Статуэткаларга байыган Мирбек Атабеков менен Сайкал Садыбакасова


Кыскасы болбогон эле бир нерсе да
Бул жерде башка дагы добуш беруу жолун ойлоп таап,убакыт кобурок бериш керек болчу.
Татыктуу ырчы-аткаруучулар калып кетип эле, пиаршик ырчылар тизмеге киргизилген...
Жылдын мыкты ырчы мырзасы жана жылдын мыкты ыры номинацияларында Гулжигит Сатыбеков менен анын эл жакшы коргон ырлары жок. Бул эки номинация женуучусу тен Гулжигит болмок...
Нурлан Насип эмнени кыйратып жылдын ырчысы болуп жатканын озу да тушундуруп бере албайт!
Эл Нурбек Юлдашевдин тамашаларын кызыгып корот. Откондо супер "тиги" сайтта кумуш баскычка жеттик деп суйунчулоп жаткан, окурмандары 100минден ашып. Нурбек Юлдашев да кумуш баскычка жетиптир, катталган окурмандары 120 минден ашып...
Тандоо адилет болбогон сон, бул сыйлоо аземи кимге керек?