super.kg logo

Кызыл килем, Актан Арым Кубат менен Альбина Имашованын дал келүүсү, Нурлан Насиптин 4-жолку жеңиши... "Жылдын суперлерин" тандоо аземинен фоторепортаж

 

Кызыл килем, Актан Арым Кубат менен Альбина Имашованын дал келүүсү, Нурлан Насиптин 4-жолку жеңиши, көрүүчүлөрдүн белек утушу, ушул жана башка кызыктар коштолгон кече бүгүн, 24-декабрда Бишкек шаарындагы "Бишкек Парк" соода борборунда орун алды. Тактап айтканда, көптөгөн шоу-бизнес жылдыздарынын коштоосунда "Супер-Инфо" гезити жана SUPER.KG порталынын "Жылдын суперлерине" сыйлык тапшыруу аземи шаңдуу өттү.

Аземди Чолпон Талипбек, Санжар Мыкыев жана Мыктыбек Мукаев алып барды

Ушул жылдын 30-ноябрынан 22-декабрына чейин бул жыл ичинде маданият, шоу тармагында кара терге түшүп, тыным албай иштегендер порталда добуш берүүгө коюлган. Көрсөтүлгөн убакыт аралыгында колдонуучулар тарабынан эң көп добушка ээ болгондордун аты бүгүнкү аземде аталып, сыйлыктар тапшырылды. Салтанатка чакырылгандар адегенде кызыл килемден өтүштү.

Вайнер Эмил Токтошев кызыл килемде

Бул кечеде келген конокторго уюштуруучулар тарабынан түрдүү оюндар ойнотулуп, жеңүүчүлөргө белектер тапшырылып жатты.

Көрүүчүлөр арасында кызыктуу оюндар уюштурулду

Сыйлык тапшыруу аземине Кыргыз Эл артисти Жамал Сейдакматова, Жогоку Кеңештин VI чакырылышынын депутаты, режиссёр, "Айтыш" коомдук фондунун негиздөөчүсү Садык Шер-Нияз, бир катар эл аралык беделдүү сыйлыктардын ээси, режиссёр Актан Арым Кубат, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисттери Асель Турдалиева, Алтынай Нарбаева, Алина Жетигенова, Бактыяр Токторов, Мирбек Атабеков, куудул Тынар Курбаналиев жана башка көрүнүктүү инсандар келип катышты.

"Көк бөрү" тасмасы аркылуу кыргыз коомчулугуна да белгилүү болгон казак актёру Асылкан Толепов да бул салтанатка келип катышып, Жамал Сейдакматованын колунан сыйлык алды. Өз кезинде ал Сейдакматованын актёрлук эмгек жолуна баа берип, урматтап-сыйлай турганын белгилеп, актрисага ден соолук тиледи. Ошондой эле ал "Жылдын супер актёру-2018" наамы тасма жаратуучулардын баарынын ийгилиги экенин кошумчалады.

Ал эми "Жылдын супер актрисасы-2018" наамынын жеңүүчүсү болгон Альбина Имашовага Актан Арым Кубат сыйлык тапшырып, мындан 21 жыл мурун актрисаны алгачкы ирет тасмага өзү тартканын айтып өттү. Арадан ушунча жылдар өткөндөн кийин чыгармачылыгына жол салган актрисага сыйлык тапшыруу ага буюрганына кубанып турганын режиссёр белгиледи.

Көп кызыктар коштогон сыйлык тапшыруу аземинде жаштардын жүрөгүнөн бир нече ыры орун таап, чыгармачылыкка аралашкандан бери аты айтылып, даңкталып келе жаткан Нурлан Насип, Сайкал Садыбакасова, Мирбек Атабеков да бул ирет көп добушка ээ болуп, суперлер деп аталышты. Нурлан Насип муну менен "Супер тандоонун" "Жылдын супер ырчы мырзасы" наамынын 4-жолку жеңүүчүсү экенин аталган гезиттин директору Шайиста Шатманова сыйлык тапшырып жатып айтып өттү.

Салтанаттуу сыйлык тапшыруу аземинен даярдалган видеоматериалды толугу менен жакынкы күндөрү SUPER TV бөлүмүнөн көрө аласыздар.

Төмөндө "Жылдын суперлеринин" тизмеси:

"Жылдын супер ырчы мырзасы" - Нурлан Насип;

"Жылдын супер ырчы айымы" - Сайкал Садыбакасова;

"Жылдын супер ыры" - Ишен Назаров, "Апакем";

"Жылдын супер клиби" - Мирбек Атабеков, "Мурас";

"Жылдын супер ремейки" - Сайкал Садыбакасова, "Жакшы сөз айтчы мага";

"Жылдын супер дуэти" - Мирбек Атабеков, Алтынай Нарбаева, "Мен сени сүйөм, өмүр";

"Жылдын супер дебюту" - Ишен Назаров;

"Жылдын супер тасмасы" - "Ата";

"Жылдын супер актёру" - Асылхан Толепов ("Көк бөрү");

"Жылдын супер актрисасы" - Альбина Имашова («Мегатой-2»);

"Кыргыз тилдүү супер вайнер" - @emil.toktoshev.


кошулду





"Супер тандоо-2018": Алматыдан, Оштон келген жеңүүчүлөр. Статуэткаларга байыган Мирбек Атабеков менен Сайкал Садыбакасова

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(16)
24.12.2018. 21:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Неудобно болгон окшойт "звездаларыбызга". Эл менен чогуу отурушуп. Недовольный болуп тушуп калышыптыр кадрга.
24.12.2018. 22:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Болот Тентимишов келип жатты элего актер деген наамдын алдында!!!!?
25.12.2018. 00:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
zhanybekov030303,Акырында срочно алдыга озуп кетти казак тууган,озум да тушунбой калдым
24.12.2018. 22:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Укмушгоо
24.12.2018. 23:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Тушунбодум.Вайнер Шумкар алдыда болуп Эмил акыркы келип атпады беле.Биягы не болуп кетти.
24.12.2018. 23:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
nur0202,мен да ушуга тан калдым
25.12.2018. 00:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
nur0202,Башында Эмиль акыркы болчу андан кийин экинчи местодо келе жатып,акыркы кундору коп добуш чогултуп алдыга отуп кетти...
25.12.2018. 00:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ишен Назаровду колтуктаган айым ким?
25.12.2018. 00:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bond02,Алина Жетигенова
25.12.2018. 00:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Кийинкиде super.kg сайтынын супер колдонуучусу-деген наамды да кошуп койгулачы,карапайым комментарийчилер да барып,жылдыздар менен отуруп келсин )))
25.12.2018. 01:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Болот Тентимишов алдыда кетип жатты эле го?
25.12.2018. 01:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Шумкар алыш керек эле
25.12.2018. 11:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Эмильдин алдыда болушуна каршымын.Анткени тантык видеолору ото коп.Ал эми Болот Тентимишовдун 1чини албаганы ото окунучтуу.Бул кыргыз элине качантан бери кызмат кылат.Казак бир кинобузга тартылып койсо болду экен да.
25.12.2018. 14:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
nur0202,мен да каршымын экооно тен, Шума алышы керек эле, казак тартылган кинону айыл дериндегилер коро элек да, кинотеатр жок кайдан коробуз, ю тубка деле чына элек, коррупция бул жакка да жеткен го. "Ата"фильминде жеткире ойногон актерлорго таазим
25.12.2018. 20:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен добушумду берген көпчүлүгү алдыңкы орун алышыптыр.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: