super.kg logo

"Жылдын супер ырчы мырзасы-2018" наамынын ээси Нурлан Насип: "Добуш берүүгө мүмкүнчүлүк болуп калса жубайым Аселге бермекмин"

 

"Супер тандоонун" "Жылдын супер ырчы мырзасы" наамына бул жыл ичинде талыкпай эмгектенген, көрүнүктүү ырчы мырзалар талапкер катары ат салышкан. Бирок ийгилик кушу ырчы Нурлан Насипке жылмайып, SUPER.KG'деги колдонуучулардын эң көп добушуна ээ болуп, аталган наамды жеңип алды. Нурлан Насип бул статуэткага биринчи жолу ээ болуп жаткан жок. Буга чейин ал бир нече ирет "Жылдын супер ырчы мырзасы" аталган. Быйылкы жыл тандоосу боюнча ырчы мырза өз оюн билдирди:

"Супер-Инфо" уюштуруп келе жаткан жыл тандоосунда буга чейин бир нече ирет жеңүүчү болгом. Эң биринчиден, мени колдоп, добушун берген кыргыз элиме, жалпы күйөрмандарыма терең ыраазычылык билдирем. Өзүм болсо, тилекке каршы, эч кимге добуш бере алган жокмун. Эгерде добуш берүү мүмкүнчүлүгүм болуп калганда бардык жакын сахналаш досторума добуш бермекмин. Ал эми ырчы айымдардан өзүмдүн жубайыма бермекмин", - деген жообун узатты.

"Жылдын супер ырчы айымы-2018" наамына Сайкал Садыбакасова татыды. Белгилей кетсек, ырчы муну менен катар эле "Жылдын супер ремейки" номинациясында атаандаштарын артка таштап, эки статуэткага ээ болду. Аталган ремейкте ырчы айым "Жакшы сөз айтчы мага" аттуу ырды жаңылап ырдап чыккан. Аталган ыр угармандар тарабынан жакшы кабыл алынды. Сыйлыктарга ээ болгон ырчы төмөндөгүлөрдү айтты:

"Азыр менде сонун сезимдер болуп жатат. Менин чыгармачылыгымды сыйлап, колдогон жалпы элге абдан ыраазымын. Элим колдобосо мындай ийгиликтер жаралмак эмес. Өзүмө добуш берген жокмун. Социалдык тармактагы жеке баракчама добуш берүүгө коюлганымды жарыялаган элем. Ошол жактан көргөн күйөрмандарым да добуш берди деп ишенип турам", - дейт Садыбакасова.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
25.12.2018. 02:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен Нурланга добуш бердим.
25.12.2018. 02:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Нурлан ушинтип айтканга уялса болмок Аселден мукам чыныгы таланттуулар бар голосу уккулуктуу Асель уну жок
25.12.2018. 04:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
melashka, туура Аселге алып баруучулук эле жарашат а Нурлан Насип чынында эле таланттуу.
25.12.2018. 08:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ишенге Сайкалга добуш бергем.жыйынтыгы зор болду
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: