super.kg logo

Мерген Турганда кош жакшылык: Ырчы 50 жашын белгилеп, небересинин тушоосун да кести

 

Быйыл ырчы Мерген Турган элүү жашка толду. Бул кутман курагын бүгүн, 24-декабрда белгилеген ырчы туугандары, сахналаштар, досторунун башын бириктирип, борбордогу ресторандардын биринде той өткөрүүдө.

Ырчы бүгүн мааракесин гана белгилебестен, небереси Үмүттүн да тушоосун кести. Тойго келгендер алгач наристенин тушоосун кесип, жолдо тушоо кесүү үчүн жарыша чуркашты. Балдарга оюнчуктар таратылса, жигиттердин биринчи келгени байгеге коюлган кара кочкорду алып кетти. Той түрдүү кызыктуу оюндар менен коштолуп, ырчынын сахналаш достору ыр белек сунушту.

"Бул мааракемди белгилөөнү балдарым демилгелеп, көптөгөн коноктун катышуусунда өткөрүп жатабыз. Кыргызда элден бата алуу деген чоң мааниге ээ, менин 50гө толгонум менен неберем Үмүттүн да тушоо кесүүсү дал келип, кош жакшылыкты бирге белгилөөнү туура көрдүк.

"Эр ортону - элүү жаш" деген жакшы кеп бар. Буюрса, чыгармачылыкта эми күчтөнүп, мурдагыдан да чоң аракет менен иштей баштайм. Ушул тапта Түркиянын маданият тармагы менен да тыгыз иштешип, аз болсо ал жакта ырларым уктурулуп жатат", - деди ырчы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 8 
Комментарийлер(2)
25.12.2018. 04:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азамат жок дегенде 80-90го чыгыныз
25.12.2018. 09:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Казак жеңебиз жакшынакай болчу. Жашыраак немени алса болмок экен алганга жараша
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: