super.kg logo

"Жылдын супер клиби жана супер дуэти-2018" наамынын жеңүүчүсү Мирбек Атабеков: "Эч кимди мага добуш берүүгө үгүттөгөн жокмун. Эл өзү тандаса гана калыстык болот"

 
Мирбек Атабеков менен Алтынай Нарбаеванын аткаруусундагы "Мен сени сүйөм өмүр" чыгармасы "Жылдын супер дуэти" номинациясында жеңүүчү аталды
Атабековдун "Мурас" ырына тартылган клип "Жылдын супер клиби - 2018" наамын жеңип алды

"Супер тандоонун" "Жылдын супер дуэти" жана "Жылдын супер клиби" номинацияларын репертуарындагы ар бири ыры хит болгон, чыгармачылыгында байма-бай жаңылыктар болуп турган Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Мирбек Атабеков жеңип алды. "Жылдын суперлерин" сыйлоо аземинде "Жылдын мыкты клиби" аталган "Мурас" ыры жаңырганда көрүүчүлөрдө патриоттук сезимдер ойгонуп, колдоого ээ болду. Ал эми ырчы мырза быйылкы жыл тандоосу боюнча өз ою менен бөлүштү:

"Чындыгында эки статуэтканын ээси болом деп күткөн эмесмин. Абдан кубанып турам. Добуш берген ар бир күйөрманыма терең ыраазычылык. Өзүмө-өзүм добуш берген жокмун жана мага добуш бергиле деп үгүттөгөн жокмун. Себеби бул туура эмес деп ойлойм. Эл тандаса гана калыстык болот", - деди Атабеков.

"Супер-Инфо" гезити жана SUPER.KG порталы уюштурган добуш берүүнүн жыйынтыгында Мирбек Атабеков менен Алтынай Нарбаеванын "Мен сени сүйөм, өмүр" аттуу ыры "Жылдын супер дуэти-2018" наамына да ээ болду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
24.12.2018. 23:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Анжелика келген жокпу? Же мен корбой калдымбы? Или супер жазышты унутуп калдыбы? Тан калыштуууу?..
Кантип Лика илешпей калды..
А так калгандарына сыйлыктары кут болсун!
25.12.2018. 07:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
tavanova.sarah,Ал машинасын мактанып бүтө
албай жатса керек, эртен жаны санынан чыгат
шашпай туруңуз.
26.12.2018. 02:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аябай добуш бердим. Күттүм женсе экен деп. Мен добуш бергендер баары дебейм 90% сыйлык алышты
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: