Өлкө боюнча бир сутканын ичинде 6 өрт кырсыгы катталып, Бишкекте заводдон өрт чыккан
Өлкө боюнча бир сутканын ичинде 6 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу бүгүн, 25-декабрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, Бишкек шаарында 2, Ош облусунда 2, Таласта 1, Жалал-Абадда 1 өрт кырсыгы катталган.
Бишкек шаарындагы Ю.Фучик көчөсүндө жайгашкан заводдон өрт чыкты. Анда заводдун 400 чарчы метр жыгач устундуу шифер менен жабылган чатыры күйгөн. Өрттүн келип чыгуусуна электр жабдууларын куроодогу эреженин бузулушу себеп болгон.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:51
2025-07-19

13:47
2025-07-18

10:29
2025-07-18
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.