super.kg logo

Көчө балдарынын жашоосун чагылдырган "Ванчопа" тасмасы тар чөйрөдө көрсөтүлдү

 
"Ванчопа" тасмасын тарткан тартуучу топ
Аталган тасмадан кадр

Бүгүн, 25-декабрда Бишкек шаарындагы кинотеатрлардын биринде "Ванчопа" тасмасы жабык эшик артында көрсөтүлдү. Аталган тасмага "Эл эмне дейт?" долбоорунун жигиттери Актан Рыскелдиев, Жаныш Майр, Данияр Токтомамбетов (MC DONCHA), Чыңгыз Султанов башкы ролдорду аткарышкан. Тасманын ачылышына шоу-бизнес чөйрөсүндөгү таанымал инсандар келишти. Алар: модель Мээрим Атантаева, ырчылар Чолпон Талипбек, Бек Исраилов, Гүлзат Мамытбек, анын болочоктогу жолдошу Хуан Буэндиа жана башкалар.

Тасманын режиссёру Радик Эшимов төмөндөгүлөргө токтолду:

"Ванчопа" деген персонаж "Эл эмне дейт?" скетч долбоорунан чыккан. Бул каарман күйөрмандарга абдан жагып, тасма тартуу тууралуу билдирүү калтырып жатышты. Андыктан тасма тартууну чечтик. Сценарийди долбоордун жигиттери менен биргеликте жаздык. Тасмада 2000-жылдардагы балдардын көчө жана райондогу жашоосу чагылдырылат. Айрым актёрлор 1 дубль менен ойногон учурлар болду. Узактыгы 1 саат 20 мүнөткө созулат".

Ал эми продюсерлик милдетти Аскат Табалдиев моюнуна алган. Тасма боюнча ал өз оюн айтып өттү:

"Мен бул тасмадан сырткары эле көптөгөн долбоорлорго продюсерлик кылып келем. Анын ичинде "Эл эмне дейт?" долбоору дагы бар. Тасмада дал ушул скетчтеги жигиттер тартылган. Бирок арасынан "Ванчопа" белгилүү болгондуктан, аны кеңейтип ал тууралуу тасма тартууну туура көрдүк. Башка тасмаларга салыштырмалуу бюджети азыраак. 25 000 доллар", - дейт Табалдиев.

Тасмада Ванчопанын ролун аткарган тамашоучу Жаныш Майр төмөндөгүлөргө токтолду:

"Менимче, Ванчопанын образы мени менен тең курдаш балдарга окшош деп эсептейм. Себеби баары көчө жашоосун көрүп калышкан. Бул образ аркылуу көптөгөн балдарды чагылдырдым деп ойлойм. Текст көп болуп калган учурларда башкы каармандын образынан чыгып Жаныш болуп калып жаттым. Бирок бул көрөрмандарга байкалбаса керек", - дейт Майр.

Ал эми "Ванчопа" тасмасынын сценарийине кыскача токтоло кетсек, тасма башкы каармандардын биринин баяндоосунан башталат. Ал атасынын жумушуна байланыштуу байма-бай мектеп которууга мажбур болот. Адаттагыдай эле кезектеги мектепке которулуп келгенде ал айтылуу Ванчопаны жолуктурат. Бул аралыкта ал Ванчопанын балдары менен кастык мамилеси достукка айланат. Бир ирет катардагы "разборкада" алар 10 миң сом табышы керек болот. Ванчопанын жигиттери бул сумманы табуунун бир гана жолу уурулукка баруу деп чечишет...

Кыйын кырдаал менен сыналган чыныгы достук, сүйүү жана интрига менен коштолгон "Ванчопа" тасмасы 27-декабрдан тарта Бишкек жана Ош шаарындагы кинотеатрларда көрсөтүлө баштайт.






"Ванчопа" тасмасынын жабык көрсөтүүсүнө Гүлзат Мамытбек чет элдик сүйүктүүсү менен келди

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(7)
26.12.2018. 01:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жездеңерди сыйлуу конок катары чакырып сыйлаптырсыңар да
26.12.2018. 11:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Boha1,кантсин анан )))
SUPER.KG видео
26.12.2018. 18:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Нике тундон бери Гулзат арыктап кетиптирго. Куйосунун оозу да башкача экен.Че...то.
SUPER.KG видео
26.12.2018. 21:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
никесин кайсы молдо окуду экен.ваапшета никеси барбы ОЗУ буларда
SUPER.KG видео
26.12.2018. 23:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Соонун
SUPER.KG видео
27.12.2018. 13:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Эми башка улутка тийдиби Кыргызстандан чыгарып салыш керек ,башка тазаа жүргөн Кыргыз кыздардын атын булгатпай жакшы кыз деп жүрүпмүн гүлзатты
Медиа-портал
16.01.2019. 22:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Гүлзат эжеңер, башка диндеги адамга турмушка чыгып динден чыккан экенда, же күйөөсү ислам динин кабыл алдыбы? Гүлзат аман эсен жүрсүн эми, башка улуттун кызы болдуда эми.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: