Депутат: "Салык кодекси Евразиялык экономикалык биримдигине кирүү шарттарына ылайык келтирүү максатында өзгөртүлдү"
Бүгүн, 26-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында “Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоорунун концепциясы талкууланды.
Демилгечилердин бири депутат Алмазбек Эргешов мыйзам долбоору Евразиялык экономикалык биримдикке (ЕАЭБ) кирүү шарттарына ылайык келтирүү максатында иштелип чыкканын билдирди.
"Мында эркин экономикалык аймактардын субъектиси болуп саналбаган кошумча нарк салыгын нөлдүк чени менен жеткирип берүү болуп саналары белгиленүүдө", - деди Эргешов.
Мыйзам долбоору 1-окууда добуш берүүгө жиберилди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:12
2025-07-15
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
0

