super.kg logo

Мексика менен чек арага дубал курулбай, АКШдагы мамлекеттик мекемелер ишин токтотууда

 

Мексика менен чек арага дубал курууну каржылоо маселеси чечилмейинче АКШ өкмөтү толук ишке киришпейт. Бул тууралуу өлкө президенти Дональд Трамп Ак Үйдө журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдиргенин чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

АКШдагы мамлекеттик мекемелердин төрттөн бир бөлүгү ишин убактылуу токтотту. Учурда анда эмгектенген 800 миңден ашык кызматкердин жарымынан көбү айлыксыз ишин улантууда.

Эми бул маселе Конгрессте Рождество майрамынан кийин гана каралат.

Президент Мексика менен чек арага дубал тургузуу иштеринин алгачкы баскычына 5,7 миллиард доллар сураган. Анын айтымында, дубал мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүүдө жардам берет.

Шайлоо учурунда Трамп дубалды курууга кетүүчү каражатты Мексика төлөй турганын убадалаган. Долбоордун жалпы суммасы 20 миллиард доллардан ашуусу мүмкүн.

Трамптын Мексика менен чек арада дубал курулушун каржылоо боюнча мыйзам долбоорун өкүлдөр палатасы колдоп берген, бирок сенаттагы демократтар каршы болууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: