super.kg logo

SUPER TV: Залкар жазуучуну таанууга үндөгөн "Мен сүйгөн Айтматов" тасмасы жарык көрдү

 

Бүгүн, 27-декабрда борбордогу кинотеатрлардын биринде залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата тартылган "Мен сүйгөн Айтматов" аталышындагы тасманын бет ачары болуп өттү.

Анда тоо арасында жайгашкан кыштактын окуучуларынын өз ара мамилелери, мектептеги кароо-сынактар көрсөтүлүп, Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынан таасир алган окуучулардын жазуучуну кантип тааныганы тууралуу баяндалат. Тагыраагы, 14-15 жаштагы Данияр жана Алымбек аттуу тентек балдар аталган жазуучунун чыгармалары менен таанышып, жыйынтыгында алардын терс адаттары калып, тарбиялуу, адептүү жигиттерге айланганы экрандаштырылган.

Фильмдин продюсери Нишанбай Топчубаев аталган фильм Таластын Талды-Булак айылында тартылганын айтты. Ал эми режиссёр Абдилалим Мамадалиев тартуу убактысы 2 гана жумага созулганын билдирди.

“Мен сүйгөн Айтматов” тасмасынын бюджети 15 миң долларды түзөт. Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун калеминен жаралган чыгармаларга балдардын кызыгуусун арттыруу максатында тартылган бул фильм тууралуу төмөндөгү видеорепортаждан көрө аласыздар.






Залкар жазуучуну таанууга үндөгөн "Мен сүйгөн Айтматов" тасмасы жарык көрдү

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: