Аламүдүн районунда жол кырсыгы катталып, 1 аял каза болду
Аламүдүн районунда жол кырсыгы катталып, 1 аял каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 28-декабрда ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы 27-декабрь түнү саат 03:40 чамасында Кайырма айылынан Арчалы айылына баруучу унаа жолдо орун алган. Анда Гольф-3 үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай, жолдун боюндагы бакты сүзгөн. Жол кырсыгынын кесепетинен оор жаракат алган 1 аял каза болуп калды. Кырсык катталган жерге куткаруучулар барып, маркумдун жансыз денесин унаадан чыгарып, "Тез жардам" кызматына өткөрүп беришкен.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:47
2025-07-18

10:29
2025-07-18
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.