super.kg logo

Бажы кызматынын мурдагы башчысы Адамкул Жунусов Азербайжандан Кыргыз өлкөсүнө кайтарылды

 

Бажы кызматынын мурдагы төрагасы Адамкул Жунусов Азербайжан Республикасынан Кыргыз өлкөсүнө алып келинди. Мындай маалыматты Башкы прокуратуранын маалымат кызматы таратты. Ал буга чейин издөөдө жүрүп, Азербайжандагы Гейдар Алиев атындагы аэропорттон кармалган.

"Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы Азербайжандын Башкы прокуратурасына А.Жунусовду Кыргыз өлкөсүнө өткөрүп берүүсүн сурап кайрылган. 14-декабрда бул өтүнүч канааттандырылган. 28-декабрда Башкы прокуратуранын тапшырмасы менен Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын кызматкерлери тарабынан өлкөгө алынып келинди", - деп билдирет Башкы прокуратура.

Бажы кызматынын мурдагы башчысы Адамкул Жунусов Интерпол тарабынан эл аралык издөөдө жүрүп, 4-декабрда Баку шаарынан кармалган. Ага карата 304-берене (кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча айып тагылып, анын өлкө казынасына 166 миллион сомдон ашык зыян келтиргени аныкталган.

Адамкул Жунусов өлкөнүн Бажы кызматынын төрагасы болуп 2013-2016-жылдары иштеген. 2016-жылы 20-апрелде Сооронбай Жээнбековдун буйругу менен кызматынан бошотулган.

Каржы полициясынын билдиришинче, ушул жылдын 28-августунда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту тарабынан Адамкул Жунусовду камакка алуу чарасы тандалып, ага издөө жарыяланган.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
28.12.2018. 11:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Алып келгенге кеткен чыгымды А.Жунусовдон төлөткүлө.
28.12.2018. 12:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Алып келсе болот экен го, бийликтин клунан келет бирок, баарына бирдей эмес да!
28.12.2018. 12:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
166миллион доллар болсо керек кайдагы сомду жазышат да
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: