super.kg logo

Экс-депутат Музаффар Исаков 3 жылга шарттуу кесилди

 

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Музаффар Исаков 3 жылга шарттуу кесилди. Тиешелүү чечимди бүгүн, 28-декабрда Жалал-Абад облусунун Сузак райондук соту чыгарды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Жогорку Соттон кабарлашты.

26-декабрда Сузак райондук соту Музаффар Исаковго карата козголгон кылмыш ишин караган. Анда мамлекеттик айыптоочу экс-депутатты 12 жылга эркинен ажыратуу менен, аны сот залынан камакка алуу өтүнүчүн келтирген.

2017-жылдын 13-февралында башкы прокурор тарабынан Музаффар Исаковго карата "коррупция" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

Маалыматка ылайык, Исаков Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Таш-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы болуп турганда 315 мыйзамсыз токтом чыгарган. Ал 2010-2015-жылдар аралыгында райондук архитектура жана Мамлекеттик каттоо кызматкерлери менен жең ичинен сүйлөшүп алып, 14,34 гектар айыл чарба багытындагы жерди жеке курулуш иштерин жүргүзүүгө берген деп айыпталууда.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(3)
28.12.2018. 18:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Договор ошондой болгон да мандаттын акысы 3 жыл условный акылы кем адам деле сезип жатбайбы.
Соке соттордун ишине аралашбайм деп койуп секин ишти кылып жатат.Текебаевге такыр эле мыйзамдын жолун таба албай койду эле.Миллион менен Мурзафарга таап жатышат.
29.12.2018. 09:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ушул кантип болсун. Жок дегенде 10 жыл , уй мулкун мамлекетке откоруш керек болчу.
29.12.2018. 19:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Уяты жок сот ошончо кылмыш кылса шарттуу кесилгени неси чондор жесе боло берет тоок урдап жеген адам турмого камалат туура эмес
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: