super.kg logo

Курал Чокоев Жаңы жылды төрөт үйүнүн алдында тоссо, Гүлнур Асанова фейерверктин тарс-турсунан качкан мышыгын таппай убара болгонун айтат

 

Билинбей 2019-жыл дагы кирип келди. Быйылкы Жаңы жыл эмнеси менен атактуулардын эсинде калды жана ким кайдан майрамдаганын аныктап көрөлү.

Эстрада ырчысы Гүлнур Асанова 2018-жылдын акыркы күнүн кантип тоскондугун төмөндөгүчө айтып берди:

"Декабрдын аягы кубаныч менен аяктаса, кайгысынан дагы кур койгон жок. Жаңы жылды эч кандай шаан-шөкөтсүз үйдө тосуп, эрте эле уйкуга жетеленип бара жаткам. Тарс-турс деген фейерверктин үнүнөн үйдөгү мышыгым коркуп каякка кире качканын билбейм, дагы деле жок. Мас болуп уктап калганы ойгонуп, тарсылдатып жатып саат 2-3кө чейин салюттун үнү басылган жок. Ошентип таң да атып кетти", - дейт ырчы айым.

Футбол боюнча улуттук кураманын капитаны Азамат Байматов Жаңы жылды Таиландда тосту.

"Жаңы жыл - үй-бүлөлүк майрам эмеспи, андыктан мен Жаңы жылды үй-бүлөм менен Таиланд өлкөсүндө тостум. Учурда эс алуу менен машыгууну айкалыштырып жатам. Жыл сайын Жаңы жылды чет өлкөдөн тосконго аракеттенем. Ал эми учурдан пайдаланып бүткүл кыргыз элимди жаңы 2019-жылы менен чын жүрөктөн куттуктайм! Биз футболчулар дайыма жаңы ийгиликтерди жаратканга аракеттенебиз", - дейт Байматов.

Куудул айым Гүлжайна Атаканова майрамды Таластагы кечеден баштап, андан ары өзү туулуп-өскөн Аксы жергесинде улантканын айтат.

"Мен үчүн Жаңы жыл майрамы катардагы күндөрдүн бири. Бирок досторум, ата-энем, бир туугандарымды кубантып белек берип, куттуктап турганды дагы унутпайм. 31-декабрда Таласта өткөн кечеге катыштым. Андан чыгып өзүмдүн туулган жерим Аксыга түштөн кийин келип калдым. Бул жактан бир туугандарым, ата-энем менен чогуу майрамдадык", - дейт ал.

2018-жылы үй-бүлөлүү адамдардын катарын толуктаган ырчы Курал Чокоев майрамды үй-бүлөсү менен өткөргөнүн айтты.

"Жаңы жылды үй-бүлөм менен тостум. Андан сырткары ата-энеме белекке батир бердим. Ал эми жубайым Жанарага майда-чүйдө белектерден сырткары жүрөгүмдү белек кылдым. Үй-бүлөлүк майрам үйдө эле өтүп жаткан. Өкүл атам балалуу болгонун угуп төрөт үйүнө бардым. Ошентип Жаңы жылдын уландысы төрөт үйүндө өттү. Ал жактан эртең мененки саат 7-8дерде келдим", - дейт ырчы.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(12)
01.01.2019. 19:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Гүлнур как будто чогуу ичкенсип айткан го, балким атайын кечирээк аткандыр
01.01.2019. 20:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Гулнур.мышык бакпай тоок бак.жумурткасын жейсин
01.01.2019. 20:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Гульжайна калпты урдурдуго. Отуз бири таласта кечеде болсо,анан туштон кийин аксыга барып калса,эмне менен барды экен тайгак жолдо??ковер самолет ко туштубу?? Уят ко калпты ышкыртканы
02.01.2019. 18:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Nanei,Жоок ватсап менен барса керек.

01.01.2019. 20:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Таластан аксыга чейин бир кун журосун
02.01.2019. 08:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Nanei,Бир кун эмес Аксы жакын
01.01.2019. 22:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Охоо гулжайна фотосу мени кара дейтго
01.01.2019. 22:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Гулжайна кантет жоон санын корсотуп, жарашпайт экен. Бул жакта туруп мен уялдым. Жакшынакай эле кийинсе жакшы болмок.Жаш болсо да бир жон.
01.01.2019. 23:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Булардын 31 ким каякта болгону неси кызык эми
02.01.2019. 00:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Гулжайнанын фигурасы болсо жаныбызды деле коймок эмес экен.Мыртыйып кыска бут мн эмнеге мактанды дейм да)))
02.01.2019. 02:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Гульнур красавица
02.01.2019. 09:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Куралды неге роддомдо деп коем кечээ эле уйлонсо деп.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: