Оштогу 12 кабаттуу үйдүн жер төлөсүнөн өрт чыгып, 20 жана 27 жаштагы эки кыз каза болду
Оштогу 12 кабаттуу үйдүн жер төлөсүнөн өрт чыгып, эки адам каза болду. Бул тууралуу Ош ШИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, өрт тууралуу кабар 1-январь күнү саат 07:50 чамасында Ош шаардык ички иштер башкармалыгына келип түшкөн. Анда Ош шаарынын Жим көчөсүндөгү 1-үйдүн жер төлөсүндө жайгашкан мейманкананын бөлмөлөрүнүн биринен өрт чыккандыгы айтылган. Окуя болгон жерден эки кишинин денеси жансыз абалда табылган. Алардын бири 1998-жылы Ноокат районунда туулгандыгы, экинчиси 1991-жылы Алай районунда туулганы аныкталды. Болжол менен алар түтүнгѳ ууланып каза болушкан. Өрттүн эмнеден улам келип чыккандыгын жана кыздардын өлүмүнүн себептерин аныктоо үчүн тиешелүү экспертизалар дайындалды.
"Аталган Жим кѳчѳсүндѳгү 1-үйдүн жер төлөсүндөгү бул мейманкананын администраторлоруна карата өткөн жылы "сойкулук жасоо үчүн көмүскө жайды уюштуруу" беренеси менен 6 ирет кылмыш иши козголуп, жаптырылган эле. Акыркы мезгилде мейманкана катары кызмат көрсөтүп жаткан", - деп айтылат маалыматта.
кошулду







1 |