super.kg logo

"Кыргыз Республикасынын Эл артисти" наамын алган Бактыбек Мамытов: "25 жылдан кийин Эл артисти болдум"

 

31-декабрда өлкөнүн социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана руханий потенциалын өнүктүрүүгө олуттуу салым кошкон инсандарга мамлекеттик сыйлыктарды берүү тууралуу жарлык чыкты.

Алардын катарында Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын диктору, "Маданият-Тарых-Тил" телеканалы студиясынын редактор-алып баруучусу Бактыбек Мамытовго дагы "Кыргыз Республикасынын Эл артисти" наамы ыйгарылды.

"Биринчи эле наам алганымды кесиптешимден уктум. Мен үчүн Жаңы жылда кош майрам болду. Республиканын ар кайсы аймактарынан чалып, куттуктоо сөздөрүн айтып жатышат. Баарына рахмат, айрыкча элибизге ыраазымын. Мындан 25 жыл мурун, тагыраагы, 1993-жылы "Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти" наамын алсам, эми минтип "Эл артисти" болуп отурам", - дейт Бактыбек Мамытов.

Мамлекеттик сыйлык алгандардын катарын композитор, комузчу, Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин доценти Атайбек Бөдөшов, Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын Карамолдо Орозов атындагы эл аспаптар оркестринин артисти Хадима Берикбаева, Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын опера солисти Садырбек Жумашов бар.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
01.01.2019. 18:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Алып баруучуларга дагы Эл артист деген наам береби?
01.01.2019. 18:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Qnet, бизде боло берет
02.01.2019. 09:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Qnet,озуно жараша наам берсе болмок бирок бизде баарын кутсо болот
02.01.2019. 09:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Опера балет,кино,ж.б ларда коптон бери иштеп жургон инсандарга берилсе суйунот экенсин.Кайдагы кечээ чыгып алып той топурларда ырдап жургон жаштарга да бере беришип тажаткан болчу
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: