Ысык-Көлдө мас абалында унаа башкарган айдоочуга 17 миң 500 сом айып салынды
Ысык-Көл облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкерлери Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу мас абалында экенин байкашкан. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБинин маалымат кызматы билдирди.
Билдирүүгө ылайык, инспекторлор 1-январь күнү токтоткон унаадан 43 жаштагы Т.К. аттуу жаран түшкөн. Ал жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери менен сүйлөшүп жатканда алкоголдук ичимдиктин жыты келген. Кийин экспертиза анын мас абалында экенин аныктаган.
"Өзгөртүлгөн кодекске ылайык, ал айдоочуга 17 миң 500 сом өлчөмүндө айып пул салынды. Ал бир ай ичинде бул сумманы төлөшү керек. Эгер талап аткарылбаса күнүнө жалпы сумманын 0,5 пайызындагы каражат туум катары өсөт. Ысык-Көл ОИИБи айдоочуларга жол эрежелеринин бузулушуна карата салынуучу айып пулдун суммасы өскөнүн эскертип, унааны кылдат айдоого чакырат", - деп жазылат маалыматта.
Ушул жылдын 1-январынан тартып жол эрежелерин бузгандарга айып пулдун өлчөмү өскөндүгү маалымдалган.
кошулду


Эгер жолдун бир четине ажалды коюп бир четине гаини койсо
Албетте гаини коргондо акырындайсынар
Тууган штраф төлөп бир аз чөнтөгү жукарса ошондо айдабай калат.
Кыргызстанда орточо айлыкка карап анан айыпты чоңойтуш керек эле да. Эми эсептей бергиле, врач 1.0 ставка оклады 5000 сом. Түкүрүп койгонго 5500 сом. Эмне деген келесоолук бул айып пул ? Жакында "Ким Чен Ын" болобу биздин президентибиз ?