super.kg logo

"Намба Такси" фирмасынын айдоочулары жаңы унаалардын ээлери болушту

 

Бишкекте 10дон ашуун айдоочу жаңы унааларга ээ болушту. Айдоочулар унааларды бир жыл мурун өлкөбүздөгү такси кызматын көрсөткөн ири фирмалардын бири "Намба Таксиден" лизингге алып, бүгүн ал машиналарга ээ болушту.

Ишкананын директору Улукман Карабукаевдин айтымында, "Намба Такси" акыркы жылдарда айдоочуларга мыкты шарттарды түзүп берип, аларга атайын долбоордун алкагында унааларды лизингге берген. Айдоочулар 1 жылдын ичинде унаа менен такси кызматын көрсөтүп, ай сайын унаанын акысын төлөп келген.

"Намба Такси" 2012-жылдан бери элге кызмат көрсөтүп келе жатат. 2016-жылы унааларыбызды ижарага берүү боюнча пландар жаралган. Бир жылдын ичинде тийиштүү документтери чогултуп, 2017-жылы чет мамлекеттен жаңы унааларды алып келгенбиз. Ижарага берүүдөн тышкары биз айрым айдоочуларга жардам берүү максатында унааларды лизингге бере баштадык. Бул айдоочулардын алдыга умтулуусун мурдагыдан да күчөттү. Унааны 1 жылдык мөөнөткө алган айдоочулар учурда аларга ээ болушту.

Унааларды лизингге бергенибиздин жакшы жактарынын бири бул биздин кардарларыбызга мыкты тейлөө көрсөтүп баштаганыбыз болду. Анткени ижарага бергенде айдоочулар аны "менин унаам эмес да" деп унаалардын абалына көңүл бурбай, каалагандай айдап жүрө беришмек. Ал эми лизингге алган айдоочулар унаага башкача мамиле жасап, өз мүлкү катары карап унаанын абалын, тазалыгын дайыма сактап турушат. Ошондой эле биздин автопаркты жаңы унааларга толтуруп, кардарларбызга дагы ыңгайлуулук жаратып баштадык”, - дейт Улукман Карабукаев.

"Намба Такси" фирмасына өнөктөш болгон автопарктын башчысы Руслан Бешир-Оглы алардын ар бир кадамы элдин ыраазычылыгы үчүн жасалып жатканын айтат.

“Намба Такси” дайыма кыргыз элин ойлоп, ал үчүн кызмат кылып келет. Мындай лизингге берүү боюнча долбоорду "Намба Такси" алгачкылардан болуп баштаган. Жаңы унааларды сатып алып жатканда алгач кардарларыбызды ойлогонбуз. Андан соң айдоочуларды жумуш менен гана камсыз кылбай, аларга өз унааларына ээ болуп калууга мүмкүнчүлүк бердик. Лизинг аркылуу айдоочулар азыр өз унааларын айдап жүрүшөт.

Долбоордун алгачкы баскычтарында биз унааларды ижарага гана берип келгенбиз. Андан кийин айдоочуларга лизингге бере баштаганбыз. Бул айдоочуларга абдан жакшы болду деп ойлойм. Анткени алар жөн гана иштеп, ижаранын акысын гана төлөбөй, унаага ээ болуп калышы мүмкүн болду. Айдоочуларга ар дайым колдон келишинче жардамы берип, колдоо көрсөтүп жүрүп отурдук. Бир жыл билинбей эле өтүп кетти, айдоочуларыбыз унааларды сатып алышты”, - деди Руслан Бешир-Оглы.

Айдоочулардын айтымында, бул долбоор аркылуу алар өз максаттарын ишке ашыра алышкан. Мындан кийин алар дагы лизингге машиналарды алып иштетүүнү, азыркы унаааларын ижарага берүүнү пландап жатышканын билдиришти.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 3 
Комментарийлер(10)
03.01.2019. 16:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Лизингиңердида кенениреек түшүндүрө кетсеңер? Канча жылга канчадан төлөйт дегендей?.
03.01.2019. 17:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Wold, Намбада минимум 6 ай арендада такси болуп иштешин керек. 2-3 жылда ай сайын толоп, притом [moderated]да гана иштешин керек. 6-7 мин долларлык машиналар 10-11 минден айланат.
03.01.2019. 20:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
al-abu-kinesz, Кайсыл маркадагы машиналар ошондо?.
04.01.2019. 04:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Wold,узбекстандын равон деген маркадагы машинасы,Ошто автосалондо 5, 6жузминден сатылып жатат
04.01.2019. 15:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Wold,кунуно 1500 айдайсын 2 жылда кутуласын тем боле жумушта болот
05.01.2019. 17:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Wold,лизинг деген унаанын баасын арендага кошуп толойсун.
03.01.2019. 17:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ишинерге ийгилик !!!
03.01.2019. 17:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен жакшы коргон фирмаго
03.01.2019. 18:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эн жакшы
04.01.2019. 15:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Таксилердин арасында эң так жана кичи пейил таксистер Намбада иштейт. Унаалары да таза жана жаңы
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: