super.kg logo
  Спорт  

Кыргыз жеринде туулган Ильзат Ахметов Европанын 50 мыкты жаш футболчусунун катарына кирди

 
Ильзат Ахметов командалашы Федор Чалов менен.

Кыргыз жеринде туулган футболчу Ильзат Ахметов Европанын 50 мыкты жаш футболчусунун катарына кирди. Бул тууралуу УЕФАнын расмий баракчасында жарыяланды.

Маалым болгондой, 50 футболчу УЕФАнын журналисттери катышкан сурамжылоо аркылуу тандалып алынган. Ахметов "Зальцбург" клубунун жарым коргоочусу Амаду Айдара жана "Челси" клубунун коргоочусу Итан Ампадудан кийинки 3-сапта жайгашкан.

"Кыргыз өлкөсүнөн чыккан Ахметов 16 жашында "Рубин" клубунун катарында ойногон эң жаш оюнчу аталган. Өткөн жылдын күз айларында ЦСКАнын негизги оюнчусу катары Чемпиондор Лигасында ойноп, жакында эле 2018-жылдагы Орусиянын эң мыкты жаш футболчусу аталган", - деп жазылат маалыматта.

Мыкты 50 оюнчунун катарына Ахметов менен чогуу ЦСКА клубунда ойногон Фёдор Чалов, "Реал Мадрид" клубунун оюнчусу Винисиус Жуниор, "Боруссия Дортмунд" клубунун оюнчусу Ашраф Хакимилер кирген.

Ильзат Ахметов 1997-жылы Бишкек шаарында туулган. Алгач бишкектик "Алга" футболдук клубунда ойноп келген. Жаш кезинен 11 жашында үй-бүлөсү менен Орусияга көчүп барып, Юрий Коноплёвдун футбол академиясында тарбияланып баштаган. Андан соң Ильзат Ахметов "Рубин" футболдук клубу менен келишим түзүп, 16 жашында "Рубинде" дебют жасаган. 2018-жылы ЦСКА клубуна келген. Азыркы учурда ЦСКА клубунун негизги оюнчусуна айланып, Чемпиондор Лигасында дагы беттештерге катышканга жетишти.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(12)
03.01.2019. 18:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
2018-жылдыгабы?
03.01.2019. 22:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Биздин олконун курамасына пайдасы тийбегенден кийин бизге барибир, "боптур даа" деп койобуз.
03.01.2019. 23:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Жазбайле койгулачы ушуну,туулса да башка болсо да,Россиянын атынан чыккандан кийин оюнун коргум да келбей калды
04.01.2019. 04:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Валентина Шевченко жөнүндө кызыктуу маалыматтарды жазсанар бул саткынды гезитке чыгарбай эле койгулачы силерден сураныч!
04.01.2019. 11:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызстан жөнүндө уккусу келбеген Кыргызстан курамасы менен жолугушуудан качкан Ильзатты аябай барктап койдунар урматтуу супер инфо жааматы мамлекетке пайдасыз инсандардын кабарын эмес атын атабашыбыз керек негизи бөөрү баласы ит болбойт дейт кыргызда
04.01.2019. 13:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
toktogul11,туура айтасын
04.01.2019. 11:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Андан көрө өзү орус кызы болсо дагы кыргыз деп соккон жүрөгү Кыргызстандын желегин дүйнөгө таанытып жебиреткен Валентино Шевченко тууралы кызыктуу макала жазышыныздарга ишенебиз.
04.01.2019. 14:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
toktogul11, эн туура соз. Аллергиям бар ушул баладан.
04.01.2019. 14:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Силер озу саткынсынар
04.01.2019. 15:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ильзат азамат жигит экен.мындай ийгиликке жетишуу ото чон эмгек. Россияда откон дуйно чемпионуна баралбай отурук.а бул бала уже чон тепкичке таланты менен жетишти. Отуруп алып ар нерсени суйлойбуз. Кимин Кыргызстан учун не кылып койдунар.сындаганды трктотсок болот
04.01.2019. 16:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ушунчалык да ичи тар, коро албас болобузбу, демек ичи тардык каныбызга, жашообузга синип калган, ошон учун бири бирибизди коро албай, оноло албай келебиз. Мен озум Москва шаарында иштейм, бирге иштеген орустарга мактанам, бул менин ЖЕРДЕШИМ деп. Орус жарандыгын албаганда Коноплев Академиясына кабыл алынбайт эле, азыркы денгээлге жетпейт эле. Тушунуп тушунбой эле саткын дейсинер, озу да айтып журбойбу Мекенимди тааныткым, даназалагым келет деп. Ильзат Алга!!! Сендей ЖЕРДЕШИМ менен сыймыктанам.
04.01.2019. 19:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
futboler,оюнузга кошулам.лчго ойногон
жалгыз футболчу Кыргызстандан Ильзат
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: