super.kg logo

КИНОЗАЛ! Эксклюзив: Үй-бүлө куруудагы ысырапкорчулукту чагылдырган "Мегатой 2. Калың" тасмасы SUPER.KG порталында

 

SUPER.KG порталынын "Кинозал" бөлүмүн Сүйүн Откеев режиссёрлук кылган "Мегатой 2. Калың" тасмасы толуктады. Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Мурат Мамбетов, режиссёр жана актриса Ырыс Жоомартова, куудул жана актриса Гүлжайна Атаканова, "Дем" театрынын актёру Эркин Эгембердиев жана башка актёр, актрисалар роль жараткан тасмада үйлөнүүдөгү ысырапкорчулуктар тууралуу баяндалат.

Режиссёр өлкөнүн булуң-бурчундагы болуп жаткан көрүнүштү 1 жарым сааттын ичинде көрөрмандарга күлкү менен жеткирген. Тасма жаратуучу элибиздеги каада-салттардагы айрым эрежелердин жакпай турганын билдирди.

“Бул комедия менен каада-салттардагы мага жакпаган айрым учурларды чагылдыргым келди. Менин оюма каалагандар кошулат, каалабагандар кошулбайт. Эң башкысы, оюмду күлкү менен жеткире алдым. Биз фильмди түндө тартканбыз. Түнкүсүн адамдардын иштөө эффективдүүлүгү төмөндөйт экен. Ошого карабастан аракетибизди кылып, мыкты тасма жаралышына жан үрөдүк. Айрым көрөрмандар тасманын үчүнчү бөлүгү тартылабы деген суроолорду узатышты. Ошондон улам уландысын, тагыраагы, чоң той менен жыйынтыкталган “Мегатой – Финал” тасмасын жаратабыз”, - дейт ал.

Тасма жаңы үйлөнгөн жаш жубайлардын үлпөт тою, калыңы тууралуу болот. Анда кыз берген тарап менен алган тараптын калыңдын баасын ачык эле бычканы, үлпөт той өткөрүүдөгү эрежелердин талкууланышы уруш-талаш менен аяктайт. Андан ары куда-кудагыйлар тил табышабы?

Тасманы көрүү үчүн шилтеме.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(6)
05.01.2019. 16:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ашпозчу мн официант кыжырды келтирет экен. Кино бир көргөнгө болот
05.01.2019. 16:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
AksyKum,мен да ошону ойлодум.Поварынарды жон эле койсонор болмок .Киного тиешеси деле жок.Чындап Мегатой 1 дегидей кызыктуу больоптур,бир конгонго болот
05.01.2019. 16:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Идея жакшы. Чындыгында азыркы коомдогу койгойлуу маселени даана, ачык айкын корсотушкон.
05.01.2019. 16:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ии баса Айнаш укмуш келин болуптур. Ха ха ха
05.01.2019. 17:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Мегатой 1 ге жетпейт экен. Нуриза Бурханова кайда? Неге аны тарткан жоксуздар.
06.01.2019. 18:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушул кинодон кийин Суйун Мырзаны коп мактагым келбей калды а так Мегатой 1 дей кино коро элек болчумун 2 болбойт эле экен ортосунан аары эле кордум такыр жакпады 3 эми бириндей кылып жакшы тарткыла шашпай
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: