super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 5-ЯНВАРЬ: Кыргыз Республикасынын Эл артисти Дүйшөн Байдөбөтовдун көзү тирүү болгондо 70 жашка чыкмак

 

Кыргыз Республикасынын Эл артисти, чыгаан актёр, кайталангыс талант Дүйшөн Байдөбөтов 1949-жылы 5-январда туулган. 1-классында атасынан, 5-классында апасынан айрылган. 9-классты аяктаган соң №5-мектеп интернатында билим алган. Аны менен катар борбордогу театралдык студияда окуп, Мамат Жакыпов деген режиссёрдун сунушу менен алгачкы жолу Алайга театрда иштөө үчүн барган. Кийин Фрунзеде сынак жүрүп жатканын угуп, ага катышуу үчүн келген. Жыйынтыгында 500 кишинин ичинен 27 студент тандалып алынып, Москвадагы театралдык окуу жайга тапшыруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Албетте, алардын арасында Дүйшөн Байдөбөтов да болгон.

1971-жылы окуусунун акыркы курсунда "Мен Тянь-Шань" фильмине актёрлор тандалып, кинопробага катышкан бир топ талапкерлердин арасынан Динара Чочунбаева экөө кастингден өтүшкөн. Кино жарыкка чыгары менен бүтүндөй Кыргызга аты таанылган. Тасмага тартылганы үчүн 1800 рубль гонорар төлөнүп, аны ай сайын 70-80 рублдан бөлүп берип турушкан. Актёрдун айтымында, аталган кинодон тапкан каражатына 2 керебет менен муздаткыч сатып алган.

Мектепте чогуу окуп, окуучу кезинен жактырып жүргөн сүйүктүүсү Кенже Исмановага үйлөнгөн. Ага мектепти аяктап, бүтүрүү кечеси болуп жаткан учурда сүйүүсүн билдирген. Аны башка бирөө ала качып кетпесин деген ойдо алгач үйлөнүп, андан соң окууга тапшырып Москвага кеткен.

Актёр 28 жашында Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, 38 жашында Эл артисти наамын алган.

Дүйшөн Байдөбөтов 2018-жылы 7-июль күнү оорудан улам каза болгон.

5-январга жылнаама.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
05.01.2019. 09:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Кайталангыс талант. Кыргыздын сыймыгы.
05.01.2019. 20:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биздин эсибизде жапжаш Ильяздын образында калды...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: