super.kg logo
  Саясат  

Нарын: Борбордук базарды иретке келтирүүгө соодагерлер каршы болушууда

 

15-июль күнү Нарын шаарындагы борбордук базардын айланасын иретке келтирүү аракеттери башталды. Бул тууралуу Нарын шаарынын мэри Баатырбек Жээналиев билдирди. Айтымында, борбордук базардын ичинде бош орундар көп болгону менен айрым соодагерлер базардын ичине кирбестен, кире бериштеги жолго туруп соода жүргүзүшүүдө. Жергиликтүү бийликтин гана эмес, шаар тургундарынын эң кѳйгѳйлүү маселелерине айланган бул жагдайды иретке келтирүү аракеттери көрүлүүдө. “Базарды иретке келтире баштаганбыз, бирок базардын кире беришиндеги соодагерлер 3 күндөн бери ызы-чуу болушуп, орундарынан жылбай жатышат”,- дейт шаар мэри. Соодагерлер "бул жерге көнүп калдык, базар ичиндеги орундарда соода жакшы болбойт",- дешүүдө. Бул боюнча атайын түзүлгөн штаб кандай чара кабыл алуу керектиги тууралуу бүгүн, 18-июлда талкууларын кошумчалады мэр.  






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: