super.kg logo

Түркияда өз жердешин ур-токмокко алып сойкулук менен алектенүүгө мажбурлаган деп эки аял кармалды. Үчөө тең Кыргыз жарандары

 
Жабырлануучу Фатима К.
Кылмышка шектүүлөр К.З жана Анастасия кармоо учурунда.

Түркиянын Манавгат районунда өз жердешин сойкулукка мажбурлап иштеткен эки Кыргыз жараны (аялдар) кармалды. Мындай маалыматты жергиликтүү "Хүрриет" басылмасы жазды. Анда белгилүү болгондой, аталган райондун жергиликтүү укук коргоо кызматына 37 жаштагы Фатима К. аттуу Кыргыз жараны арыз менен кайрылып, өзүнүн эки жердеши аны сойкулукка мажбурлаганын жазган.

Арызында билдиргендей, К.Фатиманы Анастасия аттуу жердеши бала багуучу жумушуна чакырган. Ал Фатимага ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген баланы багарын жана ал үчүн жакшы акча аларын айткан. 2018-жылдын 10-августунда Фатима Анталия шаарына учуп барып, Анастасиянын жашаган жеринде туруп калат. Мындан соң Анастасия жана К.З. аттуу аял Фатимага сойкулук менен алектенүүнү сунушташат. Буга макул болбогондо экөө анын паспортун алып, уруп-сого башташкан. Мындай көрүнүш көпкө созулган. Эки аял Фатиманы сойкулук менен алектенбесе өлтүрүп коюшарын да айтып коркуткан.

"Мен айла жоктон сойкулукка бардым. Алардын коркутуп-үркүтүүлөрүнөн жана ур-токмокко алуусунан улам сойкулук кылууга туура келди. Келген кардарлар 100 доллардан төлөшчү. Алган акчаларды тигил эки аял бөлүшүп алчу. Мен көрсөткөн кызмат үчүн акы - болгону гана тамак эле. Алар менин курсагымды тойгузгандан башка эч нерсе берчү эмес. Мага "сен биздин кулубузсуң, биз эмне десек ошону жасайсың" дешчү", - деген Фатима өз арызында.

31-декабрь күнү Фатима К.З. менен Анастасияга сойкулукка мажбурлабоосун сурап дагы бир ирет кайрылган. Мындай каршылыгы үчүн алар Фатиманы өтө катуу сабап салышкан. Ал денесинин баары көк ала болуп, бети жарылган абалда эс-учун жоготкон. Бир нече убакыттан кийин Фатима эсине келип, үйдө эч ким жок экенин байкаган. Терезе аркылуу качып чыккан аял жергиликтүү полицияга кайрылган.

"Полиция кызматкерлери жабырлануучуну ооруканага жеткиришип, учурда ал дарыланууда", - деп жазат басылма.

Окуядан 2-3 күн өткөн соң шектүүлөрдүн бири Анастасия өз батиринен кармалган. Ал Фатиманын арызындагы окуя боюнча эч нерсе билбестигин, мындай окуя ага такыр эле тааныш эместигин айткан. Соттун чечими менен ал "адам сатуу", "адамдын эркиндигин чектөө" беренелери боюнча камакка алынган. Ал эми экинчи Кыргыз жараны К.З. 4-январда Түркиянын аймагынан чыгып кетүү аракетин көрүп жатканда кармалган. Ал сойкулук менен өзү алектенип жүргөнүн айтып, Фатиманы сабаганын моюнуна алган эмес. Анын иши баш коргоо чарасын кароо үчүн сотко жиберилген.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(6)
07.01.2019. 11:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Товарлары өтпөй банкрот болушуптур
07.01.2019. 11:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Кыргыз дегендин деле бетин көрсөтүп коюш керек эле,орустун бетин көрсөткөндөн кийин
07.01.2019. 15:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызстанда жакшы болсо минтип элибиз тентимек эмес.Келечегибиз кандай болот?!Ким билет?!Элимден айланайын,озун-озу багып келе жатат.Качанкыга чейин тентийбиз,качан чыгабыз тунгуюктан?!
07.01.2019. 15:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ушундайларды айылына алып келип элге көргөзүп анан соттош керек же өздөрүн сойку кылыш керек бир күндө 100 эркеке салып берип
07.01.2019. 16:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кыргызстандын жараны десе атын озгортуп жашырган Кыргыздар окшойт дедим эле,бирок баарыбир жаман нерсе аял болуп туруп аялды саткан!
08.01.2019. 00:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Улуту деген жерге КЫРГЫЗ деп жазылуусу тийиш эгер Кыргыз болсо!!
Антпесе КЫРГЫЗ жараны деп атагыбыз дуйно жузуно таанылмай болду жаман окуяларда.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: