Кара-Сууда күйөө баласы кайненесинин чекесине, санына жана колдоруна бычак сайып салды
Ош облусунун Кара-Суу районунда күйөө баласы кайненесинин чекесине, санына жана колдоруна бычак сайып салды. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматынан кабарланды.
Билдирүүгө ылайык, 3-январда Кара-Суу РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө телефон аркылуу Кара-Суу районунун Э.Д. аттуу тургуну денесинен бир нече жаракат алып, Ош облустук ооруканасына түшкөндүгү тууралуу маалымат келип түшкөн.
"Текшерүүнүн жүрүшүндө 44 жаштагы аялдын үйүнө күйөө баласы келип, эч себепсиз анын чекесине, колдоруна жана санына өзү ала келген бычак менен бир нече жолу сайып жиберген. Анын кесепетинен аял денесинен оор жаракат алган. Э.Д.нын алган жаракатын аныктоо боюнча соттук-медициналык экспертизалар дайындалып, сотко чейинки жазык иши боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүүдө", - деп жазылат маалыматта.
Анда белгиленгендей, бул кылмышка шектелип кармалган адам Кара-Суу районунун 21 жаштагы тургуну. Иш Кылмыш-жаза кодексинин 266-беренесинин негизинде сотко чейинки өндүрүшкө алынды.
кошулду


чеке
зат. 1. Баш сөөктүн үстүнкү бет жак бөлүгү, маңдай. Биздин арык казгандар Чекеси тердеп суу аккан (Турусбеков).
2. Кандайдыр бир нерсенин чети, бир тарабы, бөлүгү. Кийиз сатсаң айлыңа сат, бир чекесин жамына жат (макал).