super.kg logo
  Саясат  

Төрага Асылбек Жээнбеков Түштүк Кореянын парламенттик делегациясын кабыл алды

 

Төрага Асылбек Жээнбеков 18-июлда Корея Республикасынын Улуттук Ассамблеясынын (парламентинин) Эл аралык иштер, соода жана биримдик боюнча комитетинин төрагасы Ан Хонг Чжун башында турган Кореянын парламентинин делегациясын кабыл алды. Жолугушууга Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициясынын жетекчиси Феликс Кулов, депутаттар Эркинбек Алымбеков, Роман Шин, Кореянын Кыргызстандагы элчиси Ким Чанг Гю катышты.

“Кореянын натыйжалуу мамлекеттик башкаруусу экономикалык реформалардын ачык мисалы болуп саналат. Өткөн кылымдын 70-80-жылдарындагы “Хангнам дарыясындагы кереметке” деп аталган Кореянын экономикалык секиригине Кыргызстанда абдан кубануу менен мамиле жасашат”,- деген төрага Кыргызстан парламенттик демократиянын өнүгүү жолун тандап алгандыгын жана Корея сындуу алдынкы өлкөлөрдүн мамлекеттик өнүгүшүнүн оң тажрыйбаларын кабыл алууга аракеттенерин баса белгиледи. “Бул иш сапарды биз Кыргызстандагы жүргүзүлүп жаткан реформаларды колдоо деп баалайбыз”,- депбилдирди төрага. 

 

Кореялык делегациянын башчысы Ан Хонг Чжун Кыргызстан ачык демократиялуу өлкө экендигине токтолду. “Кыргызстан саясий туруктуулук менен өлкө экономикасынын калыбына келишинде татаал процессти башынан өткөрдү. Бирок бүгүнкү күндө Кыргызстан демократиялык принциптери жана ачык экономикасы менен эркин өлкөгө айланды”,- деди ал.

 

Жолугушууда тараптар эки өлкөнүн парламенттеринин мамлекеттер ортосундагы мамилелерди кеңейтүүдөгү жана тереңдетүүдөгү ролун, тажрыйба алмашуунун зарылдыгын, бирдиктүү иш-чараларды өткөрүүнү белгилеп, парламенттер аралык байланыштарды чыңдоого даяр экендиктерин билдиришти. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: