super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 9-ЯНВАРЬ: "Туулган күнүмдө мени таң калтырган күтүүсүз белек ала элекмин" дейт Сакиш аты менен таанылган актриса, куудул Айнура Турганбаева

 

Сакиш каймана аты менен таанылган актриса, куудул Айнура Турганбаева бүгүн, 9-январда 51 жашка толду. Актриса бул ирет туулган күнүн бир туугандары менен белгилей турганын SUPER.KG порталына билдирди.

"Былтыр 50 жылдык мааракемди театрда иштеген кесиптештерим, сахналаш досторум менен белгилегем. Быйыл тар чөйрөдө, тагыраагы, бир туугандарым менен үйдөн белгилейин деп чечтим.Таң аткандан бери эле куттуктоолордун аягы суюлбай жатат. Бирок мени таң калтырган күтүүсүз белектер боло элек", - дейт ал.

Айнура Турганбаева 1968-жылы Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районунун Татыр айылында төрөлгөн. Орто мектепти аяктагандан кийин Кыргыз драма театрынын алдындагы эки жылдык студияга тапшырган. Алгачкы эмгек жолун Бакен Кыдыкеева атындагы Жаштар мамлекеттик театрында актриса болуп иштөөдөн баштаган.

1990-жылдан тарта Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Марат Жанталиев менен чогуу ар кандай тамаша, интермедияларды аткара баштаган. Ошондон тарта Сакиш жана Бопуш деген тандем түзүлүп, бүгүнкү күнгө чейин күлкү тартуулап, ал тургай алып баруучулукту аркалап келишет.

“Шаардык келин Шарапат

Айнура Турганбаева "Боз салкын", "Күкүк Шахра", "Быйыл сөзсүз күйөөгө тием-2", "Шаардык келин Шарапат" жана башка тасмаларда роль жараткан. Мындан тышкары куудул айым клиптерге дагы тартылып келет. Турмушка чыга элек.

9-январга карата жылнаама.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
09.01.2019. 17:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Турмушу чыга электиги жаман экен дагы деле кеч эмес турмушка чыгып алса озуно эле жакшы карыганда Кыз бойдон кеткиче
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: