super.kg logo
  Спорт  

Кыргыздын Футбол федерациясынын президенти Семетей Султанов кызматынан кетти

 

Кыргыз Республикасынын Футбол федерациясынын президенти Семетей Султанов өз каалоосу менен кызматтан кетти. Мындай маалымат Султановдун сөзү менен федерациянын сайтында жарыяланды. Анда белгилүү болгондой, мындай чечим 7-январда Бириккен Араб Эмираттарынын Дубай шаарында белгилүү болгон.

Семетей Султановдун ордуна биринчи вице-президент Дастан Конокбаев федерация башчылыгынын убактылуу кызматын аткаруучу болуп шайланды.

Семетей Султанов 2012-жылы 7-декабрда алгачкы мөөнөткө шайланган болчу.

"Урматтуу мекендештер, урматтуу достор жана спорттун ушул керемет түрүн өнүктүрүү үчүн салымын кошуп иштеп келген адамдар. 2019-жыл абдан жемиштүү башталды. Алардын башкысы - биздин команданын Азия Кубогунун финалдык бөлүгүнө катышуусу. Бул тарыхый окуя болуп калат. Биз качандыр бир кезде бул ийгилик жөнүндө кыялдана алчу дагы эмеспиз. Эми бүгүн минтип биздин команда Азия Кубогу үчүн таймаш талаасында ойноп жатканда абдан жоопкерчиликтүү чечимди кабыл алып жатам. Бул чукул эле чыга калган чечим болгон жок. Мен буга даярданып жүргөм, эч кандай мажбурлоо да болгон жок. Биз бул кадамды биздин команда Азия Кубогу үчүн мелдеш жүргүзүп жаткан учурга даярдаганбыз. Ошол учур келди, футболчуларыбыз Кубок үчүн таймашып жатышат. Бул биздин футболду өнүктүрүүнүн 1-этабын соңуна чыгаруу деп кабыл алсак болот", - дейт Султанов.

Айта кетсек, Семетей Султанов Кыргыз Республикасынын футбол федерациясын жетектеп келгенден бери футбол боюнча Кыргыз улуттук курама командасы дүйнөлүк рейтингде 206 кураманын арасынан 196-орундан (июль, 2012-жыл) 91-орунга чейин (декабрь, 2018-жыл) көтөрүлгөн.

Кыргыз Республикасынын улуттук курама командасы дүйнөлүк рейтингде 2018-жылдын март айындагы жыйынтыгы менен тарыхый рейтинг жаратып, 40 орунга чейин көтөрүлүп, 75-сапка турган.

Кошумчалап кетчү маалымат, Семетей Султанов экс-президент Алмазбек Атамбаевдин кызы Динаранын күйөөсү.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(15)
10.01.2019. 13:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Тушунуксуз болуп калыптыр го.Биздин команда Азия кубогунда ойноп жатса биринчи оюндан кийин эле кеттим деп.Эртерээк кетпейсинби же бир жолу буткондон кийин кетпейсинби.Ушунча жоопкерчиликтуу убакыт келгенде,жардам берип колдоштун ордуна ишти тапшырып качпай.
10.01.2019. 16:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Dembele84,арын менен сенин . бул жерде тап таза саясат сокен кетирди
10.01.2019. 13:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Жеткен акмакчылык оюн журуп атканда кызматтан кетип! Мындайча айтканда согуш талаасында уруш журуп аткан учурда дивизияны генерал таштап не болсонор ошол болгула деп кетип калгандай эле иш да
10.01.2019. 16:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
taalay25, буну кетирди атамбаевдин куйо баласы деп турбайбы. Бирок кыргыз футболун которду аны баарыбыз билебиз. Бизде иштейм дегенди эмес, туугандык биринчи турат. Анан кайдан онугуу болсун.
11.01.2019. 10:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
talas0707,Жакшы иштерди кылды, бирок чемпионат журуп атканда командага дем берчуу биринчи адам иштен кетип калганы жакшы нерсе эмес
10.01.2019. 13:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-9
Козу жетти да, озунун канчалык денгээлде экенин билет.
10.01.2019. 14:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
bond02, Ошонун деңгээлине жетип алчы. Султанов кыргыз футболу үчүн көп эмгек кылды. Бирок оюн жүрүп жаткан учурда кызматтан кеткени чатак болду.
10.01.2019. 15:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
bessmertiy,ооа Жакшы иштерди кылды
10.01.2019. 14:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Татыктуу иштединиз Рахмат сизге !!! Кийинки иштеринизге ийгилик !!!
10.01.2019. 16:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ушул жака комент жазган кичине акылы пасырак адамдар экенсинер. Семетей Султанаовдун аркасында Кыргызстан тарыхында биринчи жолу Азия кубогуна катышуу укугуна ээ болду. А Мунун кызматтан кетишин бирден бир себеби Атамбаевдин куйоо баласы ошон учун.эми ХХХХ иш билбеген бироону алып келип койот
Модератор admin_superstan түзөттү 2019-01-10 16:41:42
10.01.2019. 16:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кимдин тууганы болсо да Кыргыз футболун которду,мамлекеттен каражат жагынан жарытарлык жардам берилбейт спорт тармагына.Рахмат мээнетиниз учун.
10.01.2019. 18:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Озбекстанча болбодук го хотя.оюну зор экен
10.01.2019. 19:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Modric10, узбектердей болуш учун мамлекет акча болуш керек. Алар тренерин Аргентинадан жалдаган, анан кантип салыштырасын модрич? Бирок жылыш бар!
10.01.2019. 19:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эн жакшы иштеген федерация башчысы ушул болду.мындай эмгектер кыргыз футбол тарыхында боло элек болчу.рахмат айтып ыраазычылык гана билдирсек болот.
10.01.2019. 22:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Футболду саясатка аралаштырбайлы достор акыркы жылдары кыргыз футболу жакшы денгелге которулгону бул факт.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: