super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 11-ЯНВАРЬ: Көп кырдуу таланттын ээси, орусиялык шоумен, алпаруучу Андрей Малахов 47 жашка толду

 

Белгилүү орусиялык шоумен, алып баруучу, тележурналист Андрей Малахов 47 жашка толду.

Андрей Малаховдун бала чагыАл 1972-жылы 11-январда Орусиянын Апатиты шаарында төрөлгөн. Москва мамлекеттик университетинин журналистика бөлүмүн артыкчылык диплому менен аяктагандыгы үчүн 1 жарым жылдык стажировкага Американын Мичиган штатына жөнөтүлгөн. Мекенине кайтканда алгач "Останкинодо" кабарларды англис тилинен которуп иштеген.

Мындай кызмат Андрейдин көңүлүнө жакпай, ди-джейлик кесипти тандайт да, "Максимум" радиосуна ишке орношот. 1995-жылы "Биринчи канал" тарабынан "Утро" телепрограммасынын алып баруучусу болуп тандалганда анын жүзү да элге таанылып, белгилүү инсандардын катарына кошулган. 1998-жылы Орусия мамлекеттик гуманитардык университетинин юридикалык факультетине тапшырган. 2001-жылы Малахов "Большая стирка" шоу-көрсөтүүсү менен журт алдына чыгып, профессионалдуулугун көрсөтө алган. Ал эми 2004-жылы "Золотой граммофон", "Пять вечеров" көрсөтүүлөрүн алып барган. 2005-жылдын 30-августунан тарта Малахов айтылуу "Пусть говорят" ток-шоусу менен чыга баштаган. 2009-жылы "Евровидение" музыкалык ыр сынагында ырчы Алсу менен алып баруучулук кызматта болгон. Мындан тышкары ал "Высшая Лига", "Малахов+Малахов", "Детектор лжи", "Сегодня вечером" теледолбоорлорунун автору.

Андрей Малахов жаңы жылдык тематикадагы маркаларды чогултуп, үйүндө гүл өстүрөт.

Машыктыруучу залга барып турууну адат кылып алган

Ал өзүн актёр катары сынап, "Нөлдүк чакырым", "Индиго", "Бирге бактылуу", "Атасынын кыздары", "Бирөө баары үчүн" жана "Алмашылган үлпөт той" тасмаларында роль жараткан.

Шоумен 2011-жылы июнь айында басмаканалардын биринин жетекчисинин кызы Наталья Шкулевага үйлөнгөн. Жубайлардын ортосунда Александр аттуу уулу бар.

Уулу Александр менен

11-январга карата жылнаама.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: