super.kg logo

Грузиянын жаңы президенти айлыгынан баш тартты

 

Грузиянын президенти Саломе Зурабишвили айлык акысынан баш тартат. Бул тууралуу ал мамлекет башчысы катары биринчи жолу берген маалымат жыйында айтканын чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматта жазылгандай, мамлекет башчысынын айлыгы инновацияны өнүктүрүү жана кайрымдуулук үчүн түзүлө турган фондго которулат. Зурабишвили ал фонд президенттик кызматка киришкенден кийин жоюлган президенттин резервдик фондунун ордуна түзүлө турганын билдирген. Жаңы түзүлгөн фонддогу каражаттын кайда жумшалышы көпчүлүктүн акылдашуусу менен чечилет жана ал тууралуу баардыгына маалыматтар берилип турат.

Ал эми өзү Францияда топтоп койгон акчасына жашай турганын айткан. Зурабишвили буга чейин 20 жыл өлкөнүн Тышкы иштер министрлигинин өкүлү катары Францияда иштеген. Ал өткөн жылдын 16-декабрында расмий түрдө президенттик кызматка киришкен.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 9 
Комментарийлер(6)
12.01.2019. 14:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Биздин президент чиновниктер улгу алыш керек экен! Баарибир деле чондор акча менен шайланышып оз бизнесин коргош учун келишкенда! Айлык албай койсода болмок эртереек карыздан кутулат элек!
12.01.2019. 16:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Azatbek.Svoboda., биздин президенттер айлык алса алсын, бирок ошого жараша иштесин.
12.01.2019. 18:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Кандай сонун аял,кандай бактылуу мамлекеттерде элди ойлогон киши президент болот ээ...Биздин кан соргуч,сулуктор кандай жийиркеничтуу бул аялдын жанында.
12.01.2019. 20:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Уайй молодееец чиркин!))))
14.01.2019. 03:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ыйлагың келет эх эх адамзат...Биздин президент айлыгын алсын бирок ашыкча жебей эле койсунчу. Эмнеге үлгү албайсыңар жегичтер,тамагыңардан кантип өтөт?ыйлап жиберем ушул көйгөйдү эстесем.
14.01.2019. 03:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул аялга өмүр жана ден соолук тилейм!!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: