super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 12-ЯНВАРЬ: "Туулган күнүмдө ата-энеме келип ыраазычылык айтып, жаратканга шүгүр келтирдим" дейт 34 жашка толгон Идирис Айтбаев

 

Бүгүн, 12-январда белгилүү төкмө акын Идирис Айтбаев 34 жашка толду. SUPER.KG порталы байланышка чыкканда бул күндү элчилеп шапар тээп, шаңдуу өткөрбөй турганын билдирди. Айтымында, ал ушул кезге чейин туулган күнүн белгилеп көргөн эмес.

"Кечээ кечинде белегимди камдап алып ата-энемдин жанына келгем. Аларга "Мени - тентек, жаман балаңарды чоңойтуп, өстүрүп, элдин катарына кошконуңарга рахмат" деп ыраазычылыгымды айтып, маектешип, сүйлөшүп, алардын жанында жатып калдым. Бүгүн болсо ушул жашка жеткирген Жаратканга шүгүр келтирип отурам.

Эгер туулган күнгө маани бериш керек болсо, анда туулган күнүбүздө көбүрөөк жакшылык, соопчулук иштерди жасайлы. Мен ошентип белгилөөнү туура көрөм. Өткөн күнгө саресеп салып, эмнеге жетишип, эмнеге жетишпедим деп өзүңө суроо бере турган күн деп билем.

Ал эми бул жылы чыгармачылыкта дагы көбүрөөк изденип, эмгектенип иштесем деген пландарым бар. Борбор калаага барып, өнөрдүн чоң казанында кайнап, айтыш өнөрү аркылуу калктын маданият тармагына салымымды кошсом деген тилегим бар", - дейт төкмө акын.

Идирис Айтбаев 1985-жылы 12-январда Өзбекстандын Андижан шаарында туулган. 2014-жылы Ош шаарында өткөн кыргыз-казак айтышында биринчи жолу сахнага чыгып, ошондон тарта калың элге төкмө акын катары аты таанылган. 2017-жылдын 5-сентябрында резиденцияда кыргыз-өзбек президенттеринин жолугушуусунда чек ара маселеси жөнүндө төгүп ырдаганы үчүн Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоев акынга үй жана унаа белек кылган.

12-январдын жылнаамасы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(3)
12.01.2019. 19:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошондо Өзбекистанда жашайбы?
13.01.2019. 02:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ошто жашайт
13.01.2019. 08:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Өзбекистандык кыргыз окшойт э?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: