super.kg logo

ТЕСТ: Корей сериалы үчүн ичкен ашты жерге коюп, уйкуну унутуп коёсузбу? Сүйүүңүздү далилдеп көрүңүз

 

Кыш. Аппак кар. Аруу махабат. Бул сөздөр дароо эле корей сериалдарынын төрөсү болгон "Кышкы сонатанын" кадрларына ээрчитип жөнөйт. 14-январь күнү мындан 17 жыл мурда "Кышкы соната" сериалынын биринчи бөлүгү көрсөтүлгөн. Дал ушул дорама "корей толкунунун" мега-хит сериалына айланган.

Корей сериал сүйүүчүлөрү үчүн "Кышкы соната" - бул алардын дүйнөсүнө ачкан эшик. Каң Жун Саң менен Жоң Ю Жиндин жүрөк өйүткөн армандуу сүйүүсү күйөрмандарды корей сериалдарына жипсиз байлаган.

Мындан улам "Кышкы соната" эфирде көрсөтүлүп башталган күнүнүн урматына корей сериал сүйүүчүлөрү үчүн тест даярдадык.


кошулду





1

2

3

4

5

6

7

8

9

10

11

12

13

14

15

Бул эстелик кайсы сериалдын каармандарына арналып тургузулган?

Эстелик "Кышкы соната" сериалынын баш каармандары Жун Саң менен Ю Жинге арналып тургузулган. Эстелик жайгашкан Нами аралы аталган сериалдын күйөрмандары үчүн зыярат жайына айланган. Андан тышкары сүйүшкөндөр да жактырган жай болуп саналат.

Кийинки суроо


"Ва банк"
"Кышкы соната"
"Жүрөгүмдүн жылдызы"

"Жүрөгүмдүн жылдызы" сериалы "корей толкунун" жараткан деп эсептелет. Жапырт кыздардын жүрөгүнөн түнөк тапкан жигиттин ысымы эсиңиздеби?

Анын ысымы Каң Мин Хи болгон. Аталган каармандын гелденген көкүлү жигиттердин арасында мода да болуп кеткен. "Жүрөгүмдүн жылдызы" сериалы 1997-жылы чыккан.

Кийинки суроо


Каң Мин Хи
Саң Хёк
Ким Ин А

"Сарай бермети" сериалын рекорд койгон дорама катары баалашат. Ал канча өлкөдө көрсөтүлгөн?

2003-жылы экранга чыккан "Сарай бермети" сериалы дүйнөнүн 89 өлкөсүндө көрсөтүлгөндүгү менен корей дорамаларынын рекордун койгон.

Кийинки суроо


19
49
89

"Ва банк" сериалында башкы ролдорду ойногон И Бёң Хон менен Соң Хе Кйо дале бойдокпу?

Актёр И Бёң Хон 2013-жылы актриса И Мин Жуңга үйлөнгөн жана 2015-жылы уулдуу болушкан. Актриса Соң Хе Кйо өзүнөн 4 жаш кичүү белгилүү корей актёру Соң Жуң Киге 2017-жылы турмушка чыккан. 2003-жылы чыккан "Ва банк" сериалы И Бёң Хон менен Соң Хе Кйого укмуштуудай атактуулукту алып келген.

Кийинки суроо


Ооба, бойдок
Жок, бул экөө бири-бирине үйлөнгөн
Өз алдынча үй-бүлө күтүшкөн

"Бейишке карай тепкич" сериалында баш каармандын кичинекей кезин ойногон белгилүү актриса ким?

Ал - Пак Шин Хйе. 2003-жылы “Бейишке карай тепкич” сериалында башкы каармандын балалык кезин ойноп, андагы ролу аркылуу эл оозуна алынып, режиссёрлордон дагы башка тасма жана сериалдарга чакыруу ала баштаган. Учурда анын катышуусундагы “Альгамбрадагы эсте калган окуялар” сериалы көрсөтүлүүдө.

Кийинки суроо


Сюзи
Пак Шин Хйе
Син Се Гён

Кийин душманга айланган эки достун жана ал эки достун бир кызды сүйүп калган баяны, эки Кореяны бириктирүү максаты, миссиялардын артынан улам бир миссия аткаруу, жалпы жонунан тыңчылардын жашоосун чагылдырган сериал - бул ...?

2009-жылы чыккан "Айрис" сериалы популярдуу болгон дорамалардын катарын толуктайт. Анын экинчи сезону 2013-жылы тартылган. "Айрис" башка сериалдарга салыштырмалуу кайгылуу аяктагандыгы менен күйөрмандарын ыйлаткан.

Кийинки суроо


"Айрис"
"Шаардык мергенчи"
"Шири"

"Мыкты жигиттер" сериалынан кийин белгилүү болгон актёр Ли Мин Хо эмне үчүн акыркы учурда тартылбай калды?

Ли Мин Хо 2017-жылы аскердик кызматын өтөөгө кеткен жана ал быйылкы жылы армиядан кайтып келет.

Кийинки суроо


Тартылуу үчүн долбоор тандай албай жүрөт
Гонорары кымбат, ошондуктан сейрек тартылып калган
Учурда аскердик кызматын өтөп жүрөт

"Мураскерлер", "Жашыруун бак" аттуу эң популярдуу сериалдардын сценарийин жазган Ким Ын Суктун акыркы жарык көргөн дорамасын билесизби?

2018-жылы Түштүк Кореянын кабелдик телеканалы аркылуу көрсөтүлгөн сериалдарынын ичинен ушул тапка карата эң чоң рейтинг жараткан “Күн мырза” сериалынын сценарийин Ким Ын Сук жазган.

Кийинки суроо


“Сен уктап жатканда”
“Шектүү өнөктөш”
“Күн мырза”

"Жылдыздан келген адам" дорамасында баш каармандын ролун жараткан актриса Жон Жи Хёндун алгачкы атактуулук алып келген тасмасы кандай аталган?

Актрисага атактуулук алып келген "Адепсиз кыз" тасмасы 2001-жылы чыккан. Аталган комедиялык фильм Түштүк Кореяда гана эмес, Азиянын бир катар өлкөлөрүндө да хит болгон.

Кийинки суроо


"Кол салуу"
"Уурулар"
“Адепсиз кыз”

Айтылуу ырчы PSY`дын «Гангнам стайл» ырында даңазаланган Каннам районунда тартылып, Япония, Кытай, Европанын бир топ өлкөлөрүндө жана АКШда көрсөтүлгөн сериалды билесизби?

2012-жылы чыккан популярдуу сериалдардын катарын толуктаган "Сени сагынам" дорамасынын көпчүлүк бөлүгү айтылуу ырчы PSY`дын «Гангнам стайл» ырында даңазаланган Каннам районунда тартылган.

Кийинки суроо


"Сени сагынам"
"Айрис"
"К-2"

"Пиноккио" сериалында баш каармандар Пак Шин Хйе жана Ли Жоң Сок кайсы кесиптин ээлери болушкан?

Аталган сериалдын каармандары чындыкты гана чагылдырууга аракет кылган теле журналисттер болушат.

Кийинки суроо


Тез татымдын кызматкерлери
Юристтер
Теле журналисттер

"Гоблин" дорамасынын альтернативдүү аталышы кандай?

Фантастикалуу жанрда тартылган дорамалардын бири "Гоблин" корей сериалынын альтернативдүү аталышы "Токкеби". Токкеби - бул корей элдик жомокторунда кездешкен персонаж. Сериал да ушул кызыктуу персонаждын тегерегинде тартылган.

Кийинки суроо


"Азезил"
"Гоблиндин жубайы"
"Токкеби"

"Алоолонгон жүрөктөр: Корё" сериалындагы Хе Су макияж жасоодон башка дагы кандай өнөргө ээ болгон?

Аталган сериалдагы баш каарман айымдын ролун жараткан Хе Су жыпар жыттуу чөптөрдөн самын жасаганды да билген.

Кийинки суроо


Дары жасаган
Самын жасай алган
Ырчы болгон

Япон колониясындагы катаал режим өтө жумшак көрсөтүлүп калган деп сынга алынган белгилүү тарыхый сериалды атаңыз...

"Күн мырза" сериалынын сюжетинде япон оккупациясына чейинки Кореянын 1900-жылдардын башындагы мезгили чагылдырылган. Ошол кездеги катаал режим жумшак көрсөтүлүп калгандыгы үчүн корей эли тарабынан сынга алынган.

Кийинки суроо


"Акыркы ханайым"
"Күн мырза"
"Хваюги"

Корей сериалдарында көп кездешкен көйгөйлөр кайсылар?

Корей сериалдарынын көпчүлүк сценарийлеринде сүйүүдөгү үч бурчтук чагылдырылат.

Кийинки суроо


Кайнене-келиндин ортосундагы мамиле
Гендердик теңсиздик
Сүйүүдөгү үч бурчтук

"Гүлсарат", "Ак кеме"... Айтматовдун чыгармаларын унута элексизби?

Сиздин упайыңыз

70
Туура жооп: 9
Ката жооп: 5
Жалпы: 14 суроо
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(20)
15.01.2019. 00:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
67балл ((дата калып кором Корей сериал дарын бирок мен билбеген суроолор коп экен.
15.01.2019. 01:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
54
15.01.2019. 01:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
54....
15.01.2019. 02:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
60
15.01.2019. 08:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
60
15.01.2019. 09:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
60бал болду.Кышкы санатасын уктабай ыйлап коргон убактарды эстедим.Ал убакта бойдок электе карейс кино десе жата калып корчубуз.Кышкы саната Бейишке карай тепкич Танген Иши кылса карейс сериалдарын баарын коруп бутком.Азырда бирок корей сериалдарын тезден эле коруп турам.Айрис Сарайдагы окуялар тартылган окуяларды анча корбойм.Супер дагы башка карей сериалдары жонундо тест кылгылачы сураныч.Ишк жадуусы Жаш суротчу журогумдогу куз кто ты школа 2015 иши кылса толтура кинолорду чыгарбапсынарго?
15.01.2019. 09:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Eli.91, саламатсызбы! Сунушуңуз тийиштүү бөлүмгө жеткирилди, рахмат.
15.01.2019. 09:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
54 жон эле басып койдум
15.01.2019. 11:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
60 болду....Ли Мин Хо ну корсом эле сагынып кетем дагы Мураскерлер сериалын коюп алып короберем...негизи жакшы коруп бут кинолорун сериалдарын коруп чыккам ырларын жуктоп алып уккам...менде ушундай мезгил болду ооруп калдым да бул актёр менен )))).акыркы мезгилде корей сериалдарын корбоюн бир аз убакытка деп чечтим...реалдуу жашоодон алыстап жомокко кирип кеткендей сезимде болуп ансезиминди ээлеп алат да отурсан турсан каармандар козалдына элестеп. .
15.01.2019. 13:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
60
15.01.2019. 17:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
67
16.01.2019. 00:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
34 туш келгенин басып
16.01.2019. 00:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
40)) Аракет кылып жаттым өз ойумда) Бирок 1,2 эле киносун коруптурмун)
16.01.2019. 00:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
54
16.01.2019. 02:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
64
16.01.2019. 03:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
54 жон баскылап )))
22.01.2019. 09:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
40 бал алдымго
14.02.2019. 22:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
67
10.03.2019. 12:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
74
15.03.2019. 01:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
"Күн мырза" сериалынын орусчасын билгендер барбы?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: