super.kg logo

20-кылымдын эң мыкты тасмаларынын тизмеси жарыяланды

 
"Лоуренс Аравийский" тасмасынан кадр

Америкалык кинооператорлор бирикмеси 20-кылымдын эң мыкты тасмаларынын тизмесин жарыялады. Чет элдик басылмалардын маалыматына ылайык, бул иш-чараны аталган бирикме өзүнүн 100 жылдык мааракесине карата уюштурган.

Рейтингдин сап башынан британиялык Дэвид Лин режиссёрлук кылган "Лоуренс Аравийский" тасмасы орун алган. Бул тасма 1962-жылы Иорданияда тартылып, жалпысынан 8 жолу "Оскар" сыйлыгын алган. Ал эми экинчи орунду британиялык режиссёр Ридли Скоттун "Бегущий по лезвию" фильми камсыздаган. Андан кийинки орунда режиссёр Фрэнсис Форд Копполанын "Апокалипсис сегодня" тасмасы жайгашкан.

Ошондой эле алдыңкы ондукка "Гражданин Кейн", "Крёстный отец", "Бешеный бык", "Конформист", "Дни жатвы", "Космическая одиссея 2001 года" жана "Французский связной" тасмалары кирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: