super.kg logo

Кыргыз циркинин директорлугуна сунушталып жаткан Фархад Бекманбетов азырынча бир чечимге келе электигин айтты

 

Кыргыз циркинин директорлугуна маданият, маалымат жана туризм министринин мурдагы орун басары Фархад Бекманбетовдун, Кыргыз циркинин артисти Аида Акматованын жана балетмейстер Зарылбек Молдобакировдун талапкерлиги сунушталууда. Талапкерлердин бири Фархад Бекманбетов менен байланышканыбызда ал азырынча бир чечимге келе электигин билдирди.

"Министрлик тарабынан иштеп берүү сунушу түшкөн. Негизинен Кыргыз циркинин маселелерин билем. Ремонт иштерин жасап, идеянын үстүнөн иштеп циркти алдыга жылдыруу керек. Бирок мен азырынча ойлонуп жатам. Анын үстүнө цирктин жамааты директорлукка Акматованын талапкерлигин туура көрүп жатышкан экен. Ага деле каршы эмесмин, иштеп көрсүн", - деди Бекманбетов.

Цирктин мурдагы директору Курмангазы Исанаев ээлеген кызматынан 2018-жылдын 20-декабрында бошотулган. Анын кызматтан кетүүсүнө эмгек жамаат менен болгон пикир келишпестик түрткү болгон.

Кыргыз циркиндеги жетекчилик менен кызматкерлердин пикир келишпестиги 26-ноябрь күнү Жогорку Кеңештин комитетинде көтөрүлүп, циркти ижарага берүүдөгү жана билеттерди сатуудагы коррупция жана башка мыйзам бузуулар болгону айтылып, маселенин чоо-жайын жазганбыз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: