super.kg logo

Бишкек шаардык соту экс-мэр Кубанычбек Кулматовду 31-январга чейин камакта калтырды

 

Бишкек шаардык соту Бишкек шаарынын мурдагы мэри Кубанычбек Кулматовду 31-январга чейин камакта калтыруу боюнча Биринчи Май райондук сотунун чечимин күчүндө калтырды. Шаардык сот мындай чечимди 14-январда кабыл алганын жактоочусу Сергей Слесарев кабарлады.

18-майда Кубанычбек Кулматовго карата "коррупция" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Мунун алкагында ага 2014-жылы Бишкек шаарынын мэри болуп турган кезде Калыс-Ордо конушундагы мектеп жана бала бакчага бөлүнгөн акчаны мыйзамсыз колдонгон деген айып тагылган. 5-июнда ал УКМК тарабынан камакка алынган.

14-июнда ага карата дагы бир кылмыш иши козголуп, ал "документтерди, мамлекеттик сыйлыктарды, штамптарды, мөөрлөрдү, бланктарды кол менен жасоо, даярдоо, берүү же пайдалануу" жана "мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү" беренелеринин негизинде ачылган. УКМК Кулматов Кыргыз жарандыгын мыйзамсыз алган деп маалымат тараткан. Кийин Мамлекеттик каттоо кызматы Кулматовдун ID жана жалпы жарандык паспортун жараксыз деп табуу боюнча райондук сотко берген арызын кайтарып алып, ишти кароо токтотулган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: