super.kg logo
  Саясат  

ЖЫЛНААМА, 15-ЯНВАРЬ: БШКнын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов 58 жашка толду

 
Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов 1961-жылы 15-январда Ноокат районунун Эски-Ноокат айылында туулган. Ал 1983-жылы К.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетин, 2008-жылы Ош мамлекеттик юридикалык институтун бүтүргөн.
1983-жылы Ноокат районундагы В.Чапаев атындагы колхоздун ветеринардык дарыгери;
1985-1987-жылдары Ноокат районундагы В.Чапаев атындагы колхоздун башкы ветеринардык дарыгери;
1987-1990-жылдары Комсомолдун Ноокат райондук комитетинин II катчысы;
1990-1991-жылдары компартиянын Ноокат райондук комитетинин уюштуруучусу;
1991-1995-жылдары Ноокат райондук ветсанотрядынын жетекчиси;
1995-1996-жылдары Ноокат районундагы Чечме-Сай айылдык комитетинин төрагасы;
1996-2000-жылдары Ноокат районундагы Кара-Таш айыл өкмөтүнүн башчысы;
2000-2002-жылдары "Темир" мамлекеттик ишканасынын аткаруучу директору;
2000-2010-жылдары Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү;
2010-2015-жылдары "Республика" партиясынын тизмеси аркылуу Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаты;
2016-жылдан бери Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымынын орун басары болуп эмгектенип келет.
15-январга карата жылнаама.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: