super.kg logo

Кыш чилдеде экзотикалык өлкөлөрдө эс алууну тандаган жылдыздар. Ким, кайда?

 

Кышкы каникулду айрымдары тоого чыгып лыжа тебүү менен өткөрсө, айрымдары үй-бүлөсү менен жылуу өлкөгө саякатка чыгып келишет. Ал эми кыргыз шоу-бизнесиндеги жылдыздар дагы кышкы эс алууларды четте калтырбайт. Бул ирет сиз сүйгөн белгилүүлөр кышкы эс алуусун кантип, кайсы жактан өткөрүп жатканын байкап көрдүк.

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Мирбек Атабеков апасы, жубайы жана кызы менен биргеликте Дубайда эс алууда. Ал эс алуудагы кызыктуу сүрөттөрдү социалдык тармактагы жеке баракчасына жүктөп, эс алуу көңүлдөгүдөй өтүп жатканын жазган. Ошондой эле ырчы "Апамды көптөн бери Дубайга алып барам деген оюм орундалды. Апаларыбыз аман болсун!" деген билдирүүсү менен бөлүшкөн.

Ырчынын жубайы Мээрим Төлепберген чет өлкөгө болгон саякаты кокусунан эле пландалып, 2 күндүн ичинде чечилгенин белгилеген.

Дубайга эс алуу үчүн алып баруучу Нурсултан Майназаров үй-бүлөсү менен барган. Алып баруучунун сапары ырчы Мирбек Атабеков менен чогуу болгон.

Жылуу өлкөнү тандагандардын арасында таттуу түгөйлөр Нурлан Насип менен Асел Кадырбекова дагы бар. Алар чыгармачылыктагы достору менен бирге Таиландга эс алууга учуп кетишкен. Бул тууралуу ырчы Данияр Эрматов социалдык тармакка сүрөт жүктөп "Иштеп бүттүк, эми эс алабыз" деген билдирүүсүн калтырган. Саякатка чыккан чыгармачыл топтун арасында ырчылар Аваз Акимов, Алмаз Шаадаев, Нурмат Садыров, Данияр Эрматов, клипмейкер Эрнест Сыдыков жана анын жубайы Кымбат Азизова бар.

Эс алуучулардын катарын толуктагандардын арасында ырчы Арсен, жубайы Бегайым, менеджери Миргүл Эсеналиева жана жакын достору бар. Бул топ дагы эс алуу үчүн Таиланд өлкөсүн тандаган.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(11)
15.01.2019. 14:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Анжеликаны жазбапсыңарго).
15.01.2019. 15:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Wold,Анжеликаны жазып кетсе баягы эле Анжелика дейбиз жазбай кетсе коментке озубуз жазып кетебиз Эч нерсе жакпайт негизи бизге
15.01.2019. 17:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Nurzada_0111,кечирип койчу минус басылып кетти
15.01.2019. 17:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Wold, суранычыңыз аткарылды :)
http://www.super.kg/kabar/news/259513/
15.01.2019. 15:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Чогуу достор,уй було менен барган кандай сонун а,конулдогудой эс алып келесин
15.01.2019. 15:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Көлгө араң эс алганы барабыз булар чет өлкөдө эс алып жүрөт жакшы эс алып келгиле.
15.01.2019. 16:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Alixan-Nookat.2015,иштесе тиштейсин
Elaman_Arypov түзөттү 2019-01-15 16:39:15
15.01.2019. 18:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Эрнис Сыдыков мн кеткендер бирден клиптуу болуп келишет экен да эми))
15.01.2019. 20:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Адамдар тандалган суротторун жуктоп оздорунчо жакшы жашоодо жашап жатканын корсоткусу келет алар кимди алдап жатат???!
15.01.2019. 20:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айдана Дека калып калганбы?
16.01.2019. 03:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Haanykeeim,ошону айтамда мен дагы. Барганда сонун болмок.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: