super.kg logo

"Баллон менен жылгаяк тебем" деп 75 адам ооруканага түштү. Арасында белин, жамбашын сындыргандар бар

 

Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун "Тез жардам" бөлүмүнө 2019-жылдын 1-январынан 15-январына чейин тоодо эс алгандардын ичинен түрдүү жаракат алып 78 адам түшкөн. Бул тууралуу SUPER.KG`ге аталган бөлүмдүн жетекчиси Талант Сарымсаков билдирди.

Жетекчинин маалыматы боюнча жаракат алгандардын көбү лыжа, сноуборд, чана, баллон тээп эс алуу үчүн баргандар болгон. 58ине амбулатордук дарылануу сунушталган, 20сы дарылануу үчүн жаткырылган. 78 адамдын ичинен үчөө лыжа тээп, калганы клеёнка жана баллон менен муз тээп жаракат алгандар. Арасында белин, жамбашын, бутун, куймулчагын сындыргандар бар. Аларга операция ыкмасы менен дарылануу сунушталган.

"Баллон менен жылгаяк теппегиле, кырсыкка кабылуу коркунучу чоң. Аны башкарууга, токтотууга мүмкүн эмес", - деп эскертет Сарымсаков.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
15.01.2019. 17:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Айтса деле балон тебишет өмүр бойу инвалид болуп калгандар бар ой жон эле жұргүлөчү деги
15.01.2019. 19:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Майып болоорун билип туруп эле баллон тебишет.Эми эмне чара колдонсо болот экен буларга.
15.01.2019. 22:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
titanik32,5мин штраф кылса болот)
15.01.2019. 21:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Травматология бөлүмүнөн баллондон жыгылган балдар, кыздардын энелеринин ыйлап жүргөнүн өз көзүм менен көрдүм. Айланайын жаштар муз теппей эле койгулачы!
16.01.2019. 11:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Паравоз болуп теппеш керек да. Масса көп болгондуктан ылдамдыктда көбөйүп аягына жеткенден токтой алышпай калат
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: