super.kg logo
  Саясат  

Депутат Жыргалбек Турускулов: "Саясий көз караштар өзгөрүлсө, оппозициялык альянс түзүлүшү мүмкүн"

 

2020-жылы Кыргыз өлкөсүндө парламенттик шайлоо өтөт. Шайлоого даярдык эмитен башталганы да байкалууда. Бүгүнкү күндө парламенттин иши сынга алынып, күчү жок деп, аны менен катар оппозиция да жок экени айтылып келет. Парламенттик шайлоо алдында саясий биригүүлөр болору бышык. Оппозициялык күчтөр шайлоо алдында бириге алабы же жокпу азырынча белгисиз.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Парламенттик шайлоо алдында оппозициялык альянс түзүлүшү мүмкүнбү? Түзүлсө ал кимдерден турушу керек?" деген соболуна депутат Жыргалбек Турускулов жооп берди.

Ал парламенттик шайлоо алдында оппозициялык альянс түзүлөт деп айтуу эрте экенин билдирди.

“Оппозициялык альянс түзүлбөйт, 2020-жылга чейин ушундай альянста кетебиз деп айта албайм. Саясий көз караштар өзгөрүлсө, оппозициялык альянс түзүлүшү мүмкүн. Кимдерден түзүлө турганы азырынча белгисиз. Менин оюмча, фракциялардын көз карашы өзгөрсө башкача коалиция түзүлүп калышы ыктымал. Азыр андай сөз же маалымат жок. Азыр ушул альянс менен иштеп турабыз. Келечекте 2-3 айдан кийин көз караш өзгөрүп кетип, ким менен ким биригип кете турганын айтуу кыйын”, - дейт Жыргалбек Турускулов.

Саясий ишмер Мукар Чолпонбаев, Жогорку Соттун мурдагы төрагасы Курманбек Осмонов, саясий ишмер Азимбек Бекназаров, коомдук ишмер Ишенбай Кадырбеков, саясат таануучу Сейтек Качкынбаев, экс-акыйкатчы Турсунбек Акун, укук коргоочу Рита Карасартова жана юрист Нурбек Токтакуновдун жообу бул шилтемеде.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: