super.kg logo

Карызы үчүн сабалып, бутуна ок жеген Ноокат районунун тургунунун абалы оор бойдон калууда

 

Карызы үчүн сабалып, бутуна ок жеген Ноокат районунун тургунунун абалы оор бойдон калууда. Бул тууралуу SUPER.KG`ге Ош облустук ички иштер бөлүмүнүн басма сөз кызматкери Жеңиш Ашырбаев билдирди.

Анын айтымында, жабырлануучунун баш сөөгүнө операция жасоо үчүн Бишкектен дарыгерлер бара жатышат.

"48 миң сом карызы үчүн сабалып, бутуна ок жеген Ноокаттын тургунунун абалы оор бойдон калууда. Дале өзүнө келе элек. Анын 2 буту, манжалары сынып, башынан оор жаракат алган. Катуу сабалып, арматура менен баш сөөгүнө бир нече жолу сокку урулган. Жабырлануучуга операция жасоо үчүн борбордон атайын дарыгерлер тобу келе жатышат", - деди Ашырбаев.

Белгилей кетсек, Ноокат районунун Гүлистан айыл аймагынын 40 жаштагы Икрамжан аттуу тургунун белгисиз адамдар арматура менен сабап, бутуна атып кетишкен. Ыкчам изилдөө иштеринин натыйжасында шектүү катары ошол эле райондун 22-23 жаштагы 3 тургуну кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Алдын ала маалыматтар боюнча жабырлануучу шектүүлөргө 48 миң сом карыз болгон.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
17.01.2019. 15:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Рекетти сабашыптыр да.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: