super.kg logo

Америкалык ырчы Рианна атасы менен соттошот

 

Белгилүү америкалык ырчы Рианна жеке бизнесин өз атасынан коргоо максатында сотко кайрылган. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.

Белгилүү болгондой, 30 жаштагы ырчы "Fenty Beauty" косметикалык каражаттар маркасын жана "Savage x Fenty" ич кийимдерин чыгарып жүрөт. Ал атасы Рональд Фентинин "Fenty" брендин коммерциялык максатта колдонуусуна тыюу салышын суранып сотко кайрылган.

Айрым маалыматтарга караганда, Рональд Фенти кызынын "Fenty" товардык белгисин сатып алууга аракет кылган. Бирок Рианна атасына бир нече ирет бул марканы колдонуусун токтотууну талап кылган каттарды жөнөткөн. Рональд Фенти кызынын сөзүн четке кагып, "Fenty" брендин колдонуп каражат табууда. Тактап айтканда, ал "Fenty Entertainment" аттуу таланттуу адамдарды издеген компания түзгөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
16.01.2019. 09:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Пейилди ондойлучу адамзат. Ырыскы беруучу бир Алла Таалаго.
16.01.2019. 09:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ата менен кыздын мамилеси ушундай болчу беле? Адамдык касиет качып кеткен го.
16.01.2019. 12:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
А буларга боло берет биз кыргыздар ошолордой болбойлучу
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: