Америкалык ырчы жана актриса Майли Сайрустун кош бойлуу экендиги айтылууда





26 жаштагы америкалык ырчы жана актриса Майли Сайрус кош бойлуу экендиги айтылууда. Бул тууралуу батыш маалымат булактары жазып чыгышты.
Маалым болгондой, бул актриса жана анын жолдошу австралиялык актёр Лиам Хемсворттун тун наристеси болмокчу. Түгөйлөрдүн достору Сайрус менен Хемсворт учурда абдан бактылуу экендигин белгилешкен. Наристе төрөлгөн соң Сайрус Хемсворттун мекени Австралияда чоңойтууну пландап жатканы айтылууда. Себеби актриса андагы Байрон-Бей шаарын абдан жакшы көрөт.
Эске салсак, түгөйлөр 2009-жылы "Акыркы ыр" тасмасын тартуу учурунда таанышышкан. Ортодо мамилелерин үзүп, кайра табышып отуруп, 2018-жылы 23-декабрда баш кошушкан. Үлпөт той тар чөйрөдө жакын адамдарынын курчоосунда өткөн.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-07-04

19:23
2025-07-02
17:23
2025-07-02
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.