Дастан Бекешев: "Жогорку Кеңеште дресс-код ыңгайсыздык жаратып жатат"
Депутат Дастан Бекешев Жогорку Кеңеште дресс-код ыңгайсыздык жаратып жатканын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 17-январда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
"15-январда Ысык-Көлдөн мага көзү азиз жаран келген. Анын жанындагы адамды киргизбей, көзү азиз жаранды жалгыз киргизип коюшту. Ушундай көйгөйлөр көп. Жарандарды кабыл алууда дресс-коддун айынан ыңгайсыздык болуп жатат. Региондордон келгендер болот, алардын шаарда тууганы жок болсо кайдан тийиштүү кийимди кийип келмек эле? Айрымдар ачык эле андай кийими жок экенин айтышат. Албетте, тартип болушу керек. Бирок бул боюнча өзгөртүүлөрдү киргизиш керек. Төрага, сизге асылган жокмун, бул жерде УКМКнын катачылыктары бар", - дейт ал.
Кечээ, 16-январда депутат Алмазбек Токторов Баштапкы кесиптик билим берүү агенттигинин өкүлү Талантбек Тынысовду "Жогорку Кеңешке футболка кийип келиптирсиз" деп сынга алган. Вице-спикер Мирлан Бакиров Тынысовдун жыйындан чыгып кетүүсүн талап кылган эле.
Дастан Бекешев: “Жогорку Кеңеште дресс-код ыңгайсыздык жаратып жатат“




1 |