super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 17-ЯНВАРЬ: 38 жашка толгон ырчы Замир Арыкбаев: "Туулган күнүмдү үй-бүлөмдүн курчоосунда, жайылган дасторкондун үстүндө тосом"

 

Бүгүн эстрада жана фольклор ырчысы Замир Арыкбаев 38 жашка толду. Ал 1981-жылы 17-январда Ысык-Көл облусуна караштуу Тоң районундагы Көк-Мойнок айылында мугалимдин үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Беш бир туугандын ортончусу.

Ырчыны өздүк майрамы менен куттуктап, ага байланышканыбызда ыраазычылыгын билдирип, төмөндөгүлөргө токтолду: "Алгач жубайым саат 12ден өткөндөн кийин куттуктады. Андан соң апамдан куттуктоо сөздөрү келди. Азыркы учурда жумуштар менен эле жүрөм. Быйыл туулган күнүмдү үй-бүлөмдүн курчоосунда, жайылган дасторкондун үстүндө өткөрөбүз".

Замир Арыкбаев туулган жеринен билим алган соң 1998-жылы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин транспорт факультетине тапшырып, аны 2003-жылы аяктаган. Ырчы 5-курста окуп жүргөн учурда Консерваториянын фольклор бөлүмүнүн даярдоо курсуна тапшырат. Бирок чыгармачылыкка алаксып, бул окуусу калып калат.

Колунан комузун түшүрбөй фольклор, ошондой эле эстрада жаатында да активдүү болгон Замир Арыкбаев көпчүлүккө "Кудача кыз", "Даткайым", "Көлдүк карындаш" жана башка ырлары менен белгилүү болгон. Андан сырткары ырларга текст жазып, обон жаратып жүрөт.

Ырчы мырза 2005-жылы Лира аттуу сулууга үйлөнгөн. Учурда жубайлар 3 кыз, 1 уулду тарбиялап келишет.

17-январдын жылнаамасы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(1)
17.01.2019. 21:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Замикем качан чыгат деп кечке күттүм го.Жылда эстейм 17-январда Замикенин туулган күнү го деп ((((
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: